Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

БУУ Кахов дамбасындагы окуянын каржылык кесепетин эсептеп чыкты


Каховка дамбасы.
Каховка дамбасы.

Быйыл июнь айында Украинанын түштүк-чыгышындагы Кахов ГЭСинин дамбасынын жардырылышынан кеминде 14 миллиард долларлык чыгым болгону 17-октябрда украин өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) биргелешкен баяндамасында айтылды.

“Бул сандар баарын айгинелеп турат. Кахов дамбасынын талкаланышы өтө олуттуу жоготууга жана чыгымга алып келди”, - деди БУУнун Өнүктүрүү программасынын Украинадагы өкүлүнүн орун басары Христофорос Политис.

Украина дамба жардырылганы, тегерегиндеги аймакты суу каптаганы жана жергиликтүү тургундар суусуз калганы үчүн Орусияны айыптап келет.

Расмий Москва бул окуяга тиешеси жок экенин айтып келе жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG