Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:29

Spiegel: Израилдин жердеги операциясы Байдендин сапарынан улам жылды


Газа тилкесине жакын жерде оор аскердик техникада бараткан израил жоокерлери. 16-октябрь, 2023-жыл.
Газа тилкесине жакын жерде оор аскердик техникада бараткан израил жоокерлери. 16-октябрь, 2023-жыл.

Израилге АКШ президенти Жо Байден бара турганы маалым болгондон кийин ЦАХАЛ Газа тилкесинде жердеги операциясын жылдырды.

Бул тууралуу Der Spiegel басылмасы өз булактарына таянып жазды. Байден Израилге 18-октябрда барары күтүлүп жатат.

Анын башкы максаты - ХАМАСтын чабуулунан жабыркаган израилдиктерге тилектештик көрсөтүү. Бул Байден президент катары барган согуш жүрүп жаткан экинчи өлкө. Быйыл февралда ал Украинанын баш калаасы Киевге барган.

АКШ президенти Израилден кийин Иорданияга барып падыша Абдалла, Египеттин президенти жана Палестин автономиясынын лидери менен жолугары күтүлүүдө.

Буга чейин, 15-октябрда The New York Times басылмасы Израил армиясындагы жогорку даражалуу булактарына таянуу менен өткөн жекшемби күндөрү баштала турган жердеги операция аба-ырайына байланыштуу бир нече күнгө жылганын жазган.

ХАМАС Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй карапайым тургундун өмүрү кыйылган. Миңдеген адамдар жараат алды. Экстремисттик топ 130дан ашуун адамды барымтага алган.

Ошондон бери Израил армиясы - ЦАХАЛ-Газа тилкесине тынбай абадан сокку уруп жатат. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккудан каза болгондордун саны 2800гө, жарадарлар 10 миңге чамалаганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG