Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

Ногойбаеванын иши: Үч судьяны жоопко тартуу сунушу берилди


Кылмышка шектүүнүн Ички иштер министрлиги тараткан сүрөтү.
Кылмышка шектүүнүн Ички иштер министрлиги тараткан сүрөтү.

Башкы прокуратура Селекция айылында мурдагы күйөөсү бычактаган Асел Ногойбаеванын иши боюнча үч судьяны жоопко тартуу боюнча сунуш берди. Бул тууралуу баш прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева 9-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде билдирди.

"Сокулук райондук сотунун бул ишти караган судьясын жоопко тартууну Жогорку Сот өзү сунуш кылыптыр. Биз болсо апелляциялык арызды караган үч судьяны жоопко тартуу боюнча Соттордун тартип комиссиясына сунуш бердик. Анткени бул кылмыш иши пробациялык көзөмөл колдонулгандан кийин жабырлануучу Чүй облустук сотуна даттанган. Апелляциялык арыз 25-майда эле түшүп, төрт айдын ичинде эч кандай чара көрүлгөн эмес. Ошонун кесепетинен ушундай каргашалуу окуя болду деп эсептейбиз".

Сентябрдын аягында Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асель Ногойбаева бычакталып, ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү катары анын мурдагы күйөөсү, 39 жаштагы жаран кармалган.

Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ("Денеге оор залал келтирүү") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатат.

Ногойбаеванын апасы жана адвокаттары келиндин мурдагы күйөөсү эки ирет "зордуктоо" беренеси менен кармалып, камалганын айтып чыгышкан. Биринчи жолу ал келиндин тосмо арызы менен сотто бошотулганы, экинчи жолу быйыл апрелде Сокулук райондук сотунун "пробациялык көзөмөлгө" алуу тууралуу өкүмү менен сот залынан эркиндикке чыгарылганы, жабырлануучу тарап доо арыз менен Чүй облустук сотуна кайрылганы маалым болгон. Анын арызы боюнча иш 27-сентябрга белгиленген, Асел Ногойбаева ага бир жума калганда зомбулук көрүп, мыкаачылык менен бычакталган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу 8,5 миңден ашык факт катталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG