Кыргыз авиациясына 90 жыл: унутулган эски аэропорт
Кыргыз авиациясынын түптөлгөнүнө быйыл 90 жыл толду. Бул дата 1933-жылдын 7-октябрында Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар кеңешинин токтому менен белгиленген. Кыргызстандын аймагына алгачкы жолу учакты финляндиялык Теодор Суопио кондурган. Ал Ю–13 учагын Бишкектин чок ортосуна 1927-жылы учуруп келген. Өлкөдөгү эң биринчи аэропорт Бишкектин четиндеги Папеновка айылында 1933-жылы түптөлгөн. Анын имараты 1940-жылы курулган. Азыр бул аэропорттун имараты эле сакталып калган. "Азаттык" Кыргызстандагы алгачкы аба майдандын архивдик сүрөттөрүн чогултту.
![Фрунзе аэропорту. Бул аэропорт 1940-жылы курулган. Ага чейин учкучтар шаардын четиндеги ушул бош жаткан талааны учактарды кондуруп, учуруу үчүн пайдаланган. 1977-жыл. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-51e6-08dbc64bf9f0_w1024_q10_s.jpeg)
1
Фрунзе аэропорту. Бул аэропорт 1940-жылы курулган. Ага чейин учкучтар шаардын четиндеги ушул бош жаткан талааны учактарды кондуруп, учуруу үчүн пайдаланган. 1977-жыл.
![Фрунзе шаарындагы аба майданда тизилип турган учактар. 1955-жыл. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-665e-08dbc64bdfca_w1024_q10_s.jpeg)
2
Фрунзе шаарындагы аба майданда тизилип турган учактар. 1955-жыл.
![Фрунзе аэропортуна учуп келген биринчи Ил-18 учагы. 1957-жыл. Ил-18 Советтер Союзунун жарандык авиация үчүн чыгарылган алгачкы учагы. 75 кишиге ылайыкташкан. Учак 1957-жылы сыноодон өтүп, 1978-жылга чейин чыгарылган. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-a1b9-08dbc64e3dc8_w1024_q10_s.jpeg)
3
Фрунзе аэропортуна учуп келген биринчи Ил-18 учагы. 1957-жыл. Ил-18 Советтер Союзунун жарандык авиация үчүн чыгарылган алгачкы учагы. 75 кишиге ылайыкташкан. Учак 1957-жылы сыноодон өтүп, 1978-жылга чейин чыгарылган.
![Кыргыз ССРинин жарандык авиациясынын командири, учкуч Ишенбай Абдраимов (солдо) жана Кыргызстан КПБКнын биринчи катчысы Исхак Раззаков Фрунзе аэропорту. 1958-жыл. Ишенбай Абдраимов 1966-жылы Советтер Союзундагы эң биринчи эмгек сиңирген учкуч наамын алган. Өлкөдөгү авиациянын демилгечиси, уюштуруучусу, жетекчиси жана эң биринчи кыргыз учкуч Абдраимов Кыргызстандагы 1-класс стандартындагы аба майданды курдурган. Ал өлкөнүн тоолуу аймактарына У–2, Ли–2 жана Ил–18 учактары менен алгачкы жолу учкан. Бишкектеги авиациялык институт анын ысымын алып жүрөт. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-b63e-08dbc6562746_w1024_q10_s.jpeg)
4
Кыргыз ССРинин жарандык авиациясынын командири, учкуч Ишенбай Абдраимов (солдо) жана Кыргызстан КПБКнын биринчи катчысы Исхак Раззаков Фрунзе аэропорту. 1958-жыл.
Ишенбай Абдраимов 1966-жылы Советтер Союзундагы эң биринчи эмгек сиңирген учкуч наамын алган. Өлкөдөгү авиациянын демилгечиси, уюштуруучусу, жетекчиси жана эң биринчи кыргыз учкуч Абдраимов Кыргызстандагы 1-класс стандартындагы аба майданды курдурган. Ал өлкөнүн тоолуу аймактарына У–2, Ли–2 жана Ил–18 учактары менен алгачкы жолу учкан. Бишкектеги авиациялык институт анын ысымын алып жүрөт.
Ишенбай Абдраимов 1966-жылы Советтер Союзундагы эң биринчи эмгек сиңирген учкуч наамын алган. Өлкөдөгү авиациянын демилгечиси, уюштуруучусу, жетекчиси жана эң биринчи кыргыз учкуч Абдраимов Кыргызстандагы 1-класс стандартындагы аба майданды курдурган. Ал өлкөнүн тоолуу аймактарына У–2, Ли–2 жана Ил–18 учактары менен алгачкы жолу учкан. Бишкектеги авиациялык институт анын ысымын алып жүрөт.
![Учакта отурган жүргүнчүлөр жана стюардесса.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-0782-08dbc64bfac2_w1024_q10_s.jpeg)
5
Учакта отурган жүргүнчүлөр жана стюардесса.
![Фрунзе аэропортунун 1957-жылдагы көрүнүшү. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-7691-08dbc64bdf8a_w1024_q10_s.jpeg)
6
Фрунзе аэропортунун 1957-жылдагы көрүнүшү.
![Аба майдандын 1960-жылдардагы көрүнүшү. Бул аба майдан 1981-жылга чейин иштеген. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-b0ce-08dbc64be030_w1024_q10_s.jpeg)
7
Аба майдандын 1960-жылдардагы көрүнүшү. Бул аба майдан 1981-жылга чейин иштеген.
![Жүргүнчүлөрдү ташыган автопоезд. 1982-жыл. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-948b-08dbc64c071a_w1024_q10_s.jpeg)
8
Жүргүнчүлөрдү ташыган автопоезд. 1982-жыл.
![Ил-18 учагына отуруп жаткан жүргүнчүлөр. 1982-жыл. 1974-жылы "Манас" аэропорту курулуп, 80-жылдардын башында жабылган. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-f384-08dbc64c0719_w1024_q10_s.jpeg)
9
Ил-18 учагына отуруп жаткан жүргүнчүлөр. 1982-жыл. 1974-жылы "Манас" аэропорту курулуп, 80-жылдардын башында жабылган.
![Эски аэропорттун көрүнүшү. 1964-жыл. Аба майдандын имаратында "Кош келипсиз урматтуу Никита Сергеевич" деп жазылып турат. Никита Хрущев 1953-жылдан 1964-жылга чейин СССРдин Компартиясынын баш катчысы болгон. ](https://gdb.rferl.org/01000000-c0a8-0242-c232-08dbc64be03c_w1024_q10_s.jpeg)
10
Эски аэропорттун көрүнүшү. 1964-жыл. Аба майдандын имаратында "Кош келипсиз урматтуу Никита Сергеевич" деп жазылып турат.
Никита Хрущев 1953-жылдан 1964-жылга чейин СССРдин Компартиясынын баш катчысы болгон.
Никита Хрущев 1953-жылдан 1964-жылга чейин СССРдин Компартиясынын баш катчысы болгон.
![1970-жылдардын башындагы эски аэропорттун көрүнүшү. ](https://gdb.rferl.org/01000000-c0a8-0242-4382-08dbc6a26889_w1024_q10_s.jpg)
11
1970-жылдардын башындагы эски аэропорттун көрүнүшү.
![Эски аэропорттун имаратынын бүгүнкү көрүнүшү. Аэропорт иштебей калгандан кийин анын айланасына көп кабаттуу үйлөр курулуп, тарыхый имарат бир караганда байкалбай да калат.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-3af3-08dbc6a0055d_w1024_q10_s.jpg)
12
Эски аэропорттун имаратынын бүгүнкү көрүнүшү. Аэропорт иштебей калгандан кийин анын айланасына көп кабаттуу үйлөр курулуп, тарыхый имарат бир караганда байкалбай да калат.
![Учурда аэропорттун имараты ИИМге өткөрүп берилген. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-97ce-08dbc69ff35d_w1024_q10_s.jpg)
13
Учурда аэропорттун имараты ИИМге өткөрүп берилген.
![Эски аэропорттун ордуна акырындык менен көп кабаттуу турак үйлөр курулуп баратат. 2023-жыл. ](https://gdb.rferl.org/01000000-c0a8-0242-a61d-08dbc69ff36f_w1024_q10_s.jpg)
14
Эски аэропорттун ордуна акырындык менен көп кабаттуу турак үйлөр курулуп баратат. 2023-жыл.
Facebook шеринеси