Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02

Акыйкатчы жарандык жолдошу кордогон келинден улам органдарга кайрылды


Акыйкатчы институту тараткан сүрөт.
Акыйкатчы институту тараткан сүрөт.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бишкекте жарандык күйөөсүнөн кордук көргөн келинге байланыштуу шаардык милиция менен прокуратурага кайрылды. Анда зордукчул жолдошунан запкы көргөн 34 жаштагы аялдын укугун коргоого, зордукчул күйөөсүн жазасыз калтырбоого чакырды.

"Акыйкатчы институтуна кайрылган келин 14-сентябрда аны Э.У аттуу 1984-жылы туулган жарандык күйөөсү катуу сабап, билектерин ысык үтүк менен күйгүзүп, андан кийин зордуктаганын айткан. Мунун баарын кичинекей кызы башка бөлмөдө отурганда, алардын батиринде болгон. Аял зордукчунун колунан араң кутулуп, ич кийимчен, жылаңайлак көчөгө качып чыккан. Ал күзөтчүнүн күркөсүнө жашынып, кошуналарынан көмөк сураган. Ошол эле күнү аял милицияга кайрылган. Аялдын жактоочусунун айтымында, 15-сентябрда Октябрь райондук милициясы кылмыш ишин козгон. Анын негизинде жарандык күйөөсү соттун чечими менен эки айга камалган. Бирок келин зордукчул күйөөсү тергөө абагынан бошонуп келип, зордук-зомбулугун улантат, жазаланбай калат деп коркуп жатат. Материалга таянсак, аялдын жарандык жолдошу - American school жоопкерчилиги чектелген коомунун директору болуп саналат.",-деп жазылган маалыматта.

American school мекемеси буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Айрым бир маалыматтарга караганда аны Эрлан Усубакунов жетектейт.

Мунун алдында коомчулукта Бишкектин жанындагы Селекция конушунда Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү бычактап, кулак-мурдун кесип салганы окуя талкууланып жаткан.

Ногойбаева мурдагы күйөөсүнүн зөөкүрлүгү тууралуу укук коргоо органдарына бир канча жолу кайрылганын, бирок ага каршы чара көрүлбөгөнүн билдирген. Анын бул билдирүүсү тууралуу Ички иштер министрлиги комментарий берген эмес.

Үрөй учурган окуя 20-сентябрда болгон, 36 жаштагы аял бычакталып, ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү катары анын мурдагы күйөөсү, 39 жаштагы жаран кармалган.

Бул фактыдан улам Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ("Денеге оор залал келтирүү") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатат.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков келиндин ишине байланыштуу кеңешме өткөргөндө бычактоого шек саналып кармалган жаранга буга чейин эки жолу зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгону, ал пробация менен бошотулганы белгилүү болгон.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу 8,5 миңден ашык факт катталган.

XS
SM
MD
LG