Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:00

Ташиев менен Ятимов соңку протокол чек ара маселесин чече турганын айтты


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов. 2-октябрь, 2023-жыл.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов. 2-октябрь, 2023-жыл.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик маалымат каражаттары 3-октябрда Баткендеги эки тараптуу жолугушууда тартылган видео билдирүүлөрдү жарыялашты. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов баштаган делегациялар 2-октябрда кездешип, чек ара боюнча протоколго кол коюшкан.

Кол коюу аземинен кийинки сөзүндө Саймумин Ятимов бул протокол чек арадагы калган талаштарды чечүүгө өбөлгө болорун билдирди.

“Жаңжалдар дайыма тарыхтан төмөн болушу керек. Ошондуктан биз бүгүн, азыр Баткен шаарында №44 протоколго кол койдук. Бул протоколду ишке ашыруу буга чейин тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдарга негиз жана себеп болуп берген бардык маселелерди жана көйгөйлөрдү чечет. Бул протоколду даярдоо жана ишке ашыруу эки өлкөнүн лидерлери – Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун эрки менен болуп жаткандыгын мен бардык жоопкерчилик менен жарыялайм. Биз бул протколду кабыл алуу менен аны акырындап ишке ашырып, эң кыска мөөнөттө негизги документке келебиз деп ишенебиз”, – деди Ятимов.

Андан кийин сөз алган Камчыбек Ташиев документ кыргыз-тажик чек арасы боюнча соңку чечимди кабыл алууга негиз болорун айтты:

“Кеп болуп жаткан протокол эки тараптын макулдугу менен кабыл алынды жана ал чек арадагы бардык маселелерди чечүүгө негиз болуп берет. Кудай кааласа, биз жакын арада мамлекеттик чек араны аныктоо боюнча соңку чечимдерди кабыл алабыз. Мен бул чечимди кабыл алууга жана протоколду даярдоого катышкан эки тараптын командасына ыраазычылык билдирем. Мындан сырткары биз чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биздин комиссиялар үзгүлтүксүз жана тынымсыз иштеп, бардык чечимдерди тез арада даярдоосун макулдаштык. Бүгүн биз кабыл алган чечимдер чек арадагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздап, элдердин достукта жана ынтымакта жашашына шарт түзөт”.

Ташиев менен Ятимов өз өлкөлөрүнүн Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияларын да жетектешет.

Алар 2-октябрда Баткенде кездешип, жаңы протоколго кол коюшканын алгач президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси, Ташиевге жакын журналист Нургазы Анаркулов Фейсбукка жазып чыккан. Анаркулов “Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов татаал сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги протоколго кол койгонун”, “Тажикстан буга чейин коюп келаткан аймактык дооматтарынан баш тартканын” кабарлаган.

Кийин маалыматты Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да ырастап, жаңы протоколго кол коюлганы маалымдалган. Анда делегациялардын башчылары кыргыз-тажик чек арасында калган тилкелерди андан ары баяндап жазууну активдештирүү зарылдыгын белгилешип, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмаларды беришкени айтылган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын бир жылдыгын эскерген иш-чарада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, чек араны тактоодо Тажикстандын бийлиги мурдагы аймактык дооматтарын дале козгоп, андан баш тартпай жатканын белгилеген. Ташиев бул жагдай сүйлөшүүгө кедергисин тийгизип жатканын айтып, ал жараян улана берсе, Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө аймактык доомат коёрун кеп кылган.

Ушундан кийин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Дүйшөмбүдөгү элчи Эрлан Абдылдаевди чакырып, Ташиевдин сөзүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелеринде жаңжалдар мурда да чыгып турган. Эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышты баштан кечирди. Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин айыптаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG