Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Чеченстанда вице-премьерликке Рамзан Кадыровдун кызы сунушталды


Айшат Кадырова
Айшат Кадырова

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун кызы Айшат жумурияттын вице-премьер-министри болот. Мындай сунушту чечен парламентинин төрагасы Муслим Хучиев өкмөттүн кеңейтилген жыйынында көтөрүп, аны Кадыров колдоду.

24 жаштагы Айшат Кадырова үч жыл мурун Чеченстандын маданият министринин орун басары болуп, көп өтпөй министр кызматын аркалаган. Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын, бир катар медалдарды алган. Ошондой эле Чеченстандын эң жогорку сыйлыгы – Кадыров ордени менен сыйланган.

Рамзан Кадыровдун ондогон жакындары Чеченстанда белгилүү мамлекеттик кызматтарды аркалашат. 2018-жылы Би-Би-Синин орус кызматы 158 ири чиновниктин 30% анын жакындары экенин эсептеп чыккан. "Кавказ.Реалии" басылмасы республиканын мамлекеттик органдарында иштеген Кадыровдун туугандарынын тизмесин топтогон.

Айшат Кадырованын жолдошу Висхан Мацуев быйыл июлда вице-премьер-министр жана айыл чарба министри болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG