Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Парламентте Абдрасуловдун иши боюнча маалымат алуу сунушу берилди


Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы Рустам Абдрасуловдун кармалышы боюнча парламентте маалымат алуу сунушун берди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жалпы жыйынында демилге көтөрдү.

“Башкы прокуратурадан 700 миң долларды алып, аны ойноп кайра ордуна коюп койгону боюнча Фейсбукта бирөө “кийинки ойногондо ийгиликке жет” деп жазып атат. Ушул боюнча Башкы прокуратура келип маалымат берип кетсин. Биз ишенген органда ушундай окуя болуп атса”, -деди депутат.

Расмий маалыматка ылайык, 21-сентябрда кылмыш иштер боюнча келтирилген зыяндын эсебине түшкөн каражатты инвентаризациялоодо Рустам Абдрасуловдо көп суммада акча жетпей калганы аныкталган. Ошол эле күнү Аскер прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп Рустам Абдрасулов кармалган.

Башкы прокуратура ал акчаны кайра толугу менен кайтарганын, каражат жеке адамга таандык болгонун билдирген.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары ишенимдүү булактарына шилтеме берип, Рустам Абдрасулов 700 миң доллардан ашык каражатты сейфтен алып, букмекердик конторага уттуруп жибергенин, ал Б ишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына (гауптвахта) камалганын жазышууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG