Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Турак жай кооперативдерин көзөмөлдөөчү органды аныктоо каралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда турак жай кооперативдеринин ишин көзөмөлдөй турган мамлекеттик органды аныктоо сунушталууда. «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамды ушундай мазмун менен толуктоо тууралуу долбоор бүгүн 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланып, экинчи окууда кабыл алынды.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун айтымында, 2004-жылы кабыл алынган бул мыйзамга турак жай кооперативи боюнча бир топ кошумча сунушталып жатат:

«Эгер мыйзамды карасаңыз, 24-беренеде Министрлер кабинети ыйгарым укуктуу органды аныктайт деп жазып жатабыз. Башка жерине укук бузуучулук жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат деп жазылууда».

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, азыркы күнгө чейин жалпысынан 12 турак жай кооперативинин ишине байланыштуу 954 кылмыш иши тергелди, анын 604ү соттук кароого жөнөтүлүп, 168и токтотулду.

Зыян тартканын айтып милицияга арыз менен кайрылгандардын саны 1 миңдин тегерегинде болууда.

Алар тарткан материалдык заян 692 миллион сомдун жана 938 миң доллардын тегерегинде деп эсептелди.

Териштирүүдөн кийин ээсине кайтарылып берилген акча 5 миллион сомдой болду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG