Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:45

Судьялар кеңеши эки судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Судьялар кеңеши Бишкек шаардык сотунун (И.Н.А.) жана Бишкектин Ленин райондук сотунун судьяларын (К.Н.Т.) кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Мындай сунушту Башкы прокуратура киргизип, Судьялар кеңеши аны 26-сентябрда кезексиз жыйынында канааттандырды.

Расмий маалыматка ылайык, Бишкек шаардык сотунун судьясына Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуунун түрлөрү”, “Пара алуу” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясына “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү”, “Опузалап пара алуу” жана “Пара алуу” беренелери менен иш козголгон.

Судьялар кеңеши президент Садыр Жапаровго аларды кызматтан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш киргизди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы (И.Н.А.) опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматында, шаардык соттун айрым судьялары оң чечим чыгарып берүү үчүн адвокаттын ортомчулугу менен соттолуучунун жакын туугандарынан опузалап 5 миң доллар (443 500 сом) өндүрүп алышканы аныкталганын кабарлаган. Кармалган судья Бишкек шаардык сотунун судьясы Илиязова Назгүл Асанбековна экени айтылууда. Атайын кызмат тараткан инициал анын аты-жөнүнө туура келет. Ал 27-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары экинчи судья Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Кенжебаев Нурлан Төрөбаевич экенин жазышты.

Судьялар кеңеши 22-сентябрдагы жыйынында бир катар соттордун ишин карап, айрымдарын тартип жазага тартылганын билдирген. Анын ичинде Башкы прокуратуранын Ысык-Көлдүн Тоң райондук сотунун мурдагы судьясы Ниматилла Каримбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушуна макулдук берилген. Бир катар судьяларга сөгүш жана эскертүүлөр берилгени кабарланган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG