Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:33

Нью-Йоркто активисттер Токаевге жана Жапаровго санкция салууга чакырышты


БУУнун баш кеңсесинин алдына нааразылык акциясына чыккан казакстандык активисттер. 19-сентябрь, 2023-жыл.
БУУнун баш кеңсесинин алдына нааразылык акциясына чыккан казакстандык активисттер. 19-сентябрь, 2023-жыл.

19-сентябрда Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун баш кеңсесинин алдына ондогон казакстандык активист чогулуп, Казакстанда камалган Марат Жыланбаевди, Думан Мухаммедкарим жана Айгерим Тлеужанованы бошотууну талап кылышты.

Чогулгандар Украинага колдоо сөздөрүн айтып, расмий Астана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан жана Евразия экономикалык биримдигинен чыгышы керек деген пикирлерин билдиришти. Акцияга катышкан ишкер Барлык Мендыгазиев АКШ бийлигинен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго санкция салууга чакырык жазылган кагазды кармап турду. Анын айтымында бул эки лидер тең Орусияга эл аралык санкцияларды буйтап өтүүгө жардам берүүдө.

Казакстандын бийлиги санкцияларды буйтап өтүүгө жол бербесин да билдирип келет. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Евробиримдик-Борбор Азия жыйынында Батыштын санкцияларга байланыштуу тынчсыздануусун түшүнүү менен кабыл аларын айткан. Кыргызстандын өкмөтү да санкцияларды айланып өтүүгө жол бербөө үчүн баардык чаралар көрүлүп жатканын билдирген.

БУУнун баш кеңсесинин алдындагы акция эки саатка созулду.

Ушул эле күнү кыргызстандык активисттер Кыргызстанда "Кемпир-Абад иши" менен камалгандарды эркиндикке чыгарууну талап кылган акция өткөрүштү. БУУнун баш кеңсесинин астында 19-сентябрдагы митинг Ассамблеянын 78-сессиясы болуп жаткан кезде уюштурулду. Бул тууралуу акцияга чыккандардын бири Тилекмат Кудайбергенов маалымдап, сүрөт жана видеону Фейсбукка жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG