Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:55

"Ата-Бейитте" Баткенде чек араны коргоп курман болгон жоокерлер эскерилди


"Ата-Бейит". 2023-жылдын 16-сентябры.
"Ата-Бейит". 2023-жылдын 16-сентябры.

Бүгүн, 16-сентябрда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон жоокерлер эскерилди. Эскерүү иш-чарасына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган күч түзүмдөрүнүн жана укук тартибин коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

Маркумдарга багышталып куран окулуп, гүлчамбарлар коюлду.

"Ата-Бейит" көрүстөнүнө бир жыл мурда чек ара жаңжалында курман болгон төрт аскердин сөөгү коюлган.

Бул жерде келечекте аларга арналган эстелик орнотулары маалым болду. Эстеликтин бир нече долбоору бүгүн талкууланды.

Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө элек болгондуктан, ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

2021-жылы апрель айында 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий жарыяланган.

2022-жылкы сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан бери дегенде 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, былтыр 14-сентябрда башталып, 19-сентябрда басылган окуяда каза тапкан 75 кыргызстандыктын 51и аскер кызматкери, алардын 42си чек арачы болгон. (MKt)

XS
SM
MD
LG