Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

"Клооп Медианы" жабууга байланыштуу сот 26-сентябрга белгиленди


Бишкек шаардык прокуратурасынын “Клооп” басылмасын жабууга байланыштуу арызы 26-сентябрда каралат. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Арызды Октябрь райондук соту карайт.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон.

Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары "эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө арагасыз кылып жатканын" жүйө келтирген.

Басылманын башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинин "Клооп Медиа" мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануусун билдиришти. Алар Кыргызстандын бийлигин медианы жоюу тууралуу арызын артка кайтарып, көз карандысыз репортаждары жана иликтөөлөрү үчүн куугунтуктоону токтотууга чакырышты.

“Клооп” 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG