Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Көк бөрү: Дүйнө кубогунун финалдык беттештери башталды


"Достук" менен "Түркстан" командаларынын беттеши. 20-август, 2023-жыл.
"Достук" менен "Түркстан" командаларынын беттеши. 20-август, 2023-жыл.

Бүгүн, 20-августта Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогунда "Достук" (Кыргызстан) менен "Түркстан" (Казакстан) командалары 3-орун үчүн беттешип жатат.

"Достук" кубогу үчүн финалда "Ынтымак" Казакстандын "Астана" командасы менен беттешет. "Астана" командасы жарым финалдык беттеште "Түркстанды" 2:0 эсебинде утуп алган.

18-августта Кыргызстандын "Ынтымак" жана "Достук" командалары ат салышып, 2:0 эсебинде "Ынтымак" командасы жеңишке жеткен.

Ал эми клубдар лигасында финалга “Жаштык” жана “Красноярск” командалары чыкты. Коло байге үчүн “Алтай” жана Өзбекстан командасы беттешет.

Ушул эле күнү жогоруда аталган командалардан сырткары 45 жаштан жогоркулар арасында Кыргызстан менен Казакстандын көк бөрү командалары беттешет.

Көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогу быйыл алгачкы жолу Кыргызстандын көк бөрү федерациясы тарабынан өткөрүлүп жатат.

Мелдеш мамлекеттер арасында достукту бекемдөө, көк бөрү оюнун жайылтуу максатында уюштурулган. Дүйнө кубогун эки жылда бир өткөрүү пландалууда.(GT)

XS
SM
MD
LG