Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Украинада согуш башталгандан бери Батыш "Росатомго" 1,7 млрд доллар төлөгөн


АКШ жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөр санкцияга карабай Орусиядан уран жана өзөктүк технологияларды сатып алуусун токтоткон эмес.

Алар Украинада согуш башталгандан бери орусиялык “Росатом” корпорациясы менен 1,7 миллиард доллардан кем эмес суммага соода кылышканы Associated Press басылмасынын иликтөөсүндө айтылган.

Мындай алганда АКШ менен Евробиримдиктин санкцияларына өзөктүк технологиялар жаатында кызматташуу кирбейт. Батыш өлкөлөрү жарандык реакторлор үчүн Орусиянын күйүүчү майына жана реакторлоруна көз каранды. Орус ураны АКШда колдонулган урандын 17%, Евробиримдикте 17% түзөт. Европа Биримдигинин статистикалык кызматынын маалыматына ылайык, биримдикке кирген өлкөлөр 2022-жылы орусиялык өзөктүк товарларга, анын ичинде реакторлор жана шаймандар үчүн 828 миллион доллар короткон.

ImportGenius аналитиктеринин баасында, 2020-жылы АКШ Орусиядан 6,3 тонна уран импорттогон болсо, 2022-жылы бул көлөм 12,5 тоннага жеткен. БУУнун маалыматында Франция 2021-жылы Орусиядан 110 тонна уран алса, 2022-жылы 312 тоннаны түзгөн.

Европада орусиялык конструкциядагы 19 өзөктүк реактор иштейт. Учурда “Росатом” 33 жаңы реакторлорун он өлкөгө, анын ичинде Францияга куруп жатат.

Атомдук өнөр жай тармагында Орусия менен кызматташууну солгундатууну өзөктүк энергияны кыскартуу үчүн күрөшкөндөр да, бийлик өкүлдөрү да жакташат. Украинанын президенти Владимир Зеленский орус күчтөрү Запорожье атомдук станциясын басып алгандан кийин “Росатомго” каршы санкция салууга чакырык жасаган. Ал АЭСти башкарууга алган орус компаниясы бир гана Украинанын эмес, жалпы Европанын коопсуздугуна коркунуч жарата турганын айткан.

Европа өлкөлөрүнөн Орусиянын өзөктүк майды жана технологияларын сатып алуудан толугу менен баш тарткан бир гана Швеция. Бул жаатта иш алып барган Финляндия, Чехия, Болгария жана Словакия бар. Алар сатып ала турган башка булакты издеп жатышат. Мындай сатуучу дүйнөдө ири уран өндүрүүчүлөрдүн бири Казакстан болушу мүмкүн.

  • Кыргызстанда орусиялык “Росатом" компаниясы 2013-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде Кажы-Сай, Туюк-Суу, Миң-Куш жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзөт.
  • 2022-жылы бул компания Кыргызстандын аймагында курулуучу чакан атомдук станциянын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдай турганы белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG