Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Батумиде орус туристтеринин кемесине каршы дагы акция өттү


Батумидеги орусиялык туристтердин кемесине каршы экинчи акция.
Батумидеги орусиялык туристтердин кемесине каршы экинчи акция.

Грузиянын Батуми шаарындагы портто 31-июлга караган түнү орусиялык туристтердин кемесине каршы дагы бир нааразылык акциясы өттү. "Эхо Кавказа" басылмасы анда тогуз адам адам камалганын жазды.

Astoria Grande круиз лайнери 29-июлда Сочи-Трабзон-Батуми-Амасра-Стамбул-Сочи багыттында жолго чыккан. Жүргүнчүлөрдүн арасында RU.TV телеканалынын Орусиянын Украинага каршы согушун колдогон белгилүү өкүлдөрү да бар.

Орусиялык туристтердин кемесине каршы алгачкы акция 27-июлда Батумиде жана Тбилисиде өткөн. Анда нааразылык акциясына чыккандар "Орусия бизди мекенибизден, келечегибизден ажыратып жатат", "Орусташтыруу саясатына жол жок" деген ураандарды айтышкан.

Тбилисиде бир нече жарандык активист парламент алдында орус желегин өрттөшкөн. Каршылыктан улам кеме Батумидеги порттон кетүүгө аргасыз болгон.

2008-жылы Грузия менен болгон “беш күндүк согуштан” кийин Орусия өз аскерлерин Абхазия менен Түштүк Осетиянын аймактарына жайгаштырып, аларды көз карандысыз деп тааныган.

Тбилиси бул аймактарды Орусия басып алган деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG