Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Чычкан капчыгайында кырсыкка кабылган автоунаа күйүп кетти


Бишкек-Ош жолундагы авто кырсык. 2023-жыл, 22-июль.
Бишкек-Ош жолундагы авто кырсык. 2023-жыл, 22-июль.

Чычкан капчыгайында автоунаа ташыган оор жүк ташуучу машина кырсыкка кабылды.

Социалдык тармактарда тараган видеодо Чычкан капчыгайында автоунаа ташып бараткан машинанын алды күйүп жатканын көрүүгө болот.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык 22-июлда таңкы саат 6:30 чамасында Бишкек-Ош жолунда болгон. Алдын ала маалыматта жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу уктап кеткен.

Учурда кырсыктын себептери такталууда. Социалдык тармактын колдонуучулары эки адам каза болгонун жазышты.

Расмий маалыматтар боюнча быйыл алты ай ичинде 2996 жол кырсыгы катталып 269 адам каза болгон, 4416 адам жараат алган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эсебинде, былтыр 7 040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам өмүр менен кош айтышкан. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG