Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Электр энергиясынын баасы инфляцияга жараша жыл сайын кымбаттайт


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы инфляциянын өсүшүнө жараша жыл сайын көтөрүлүп турат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 21-июлда өткөрүлгөн брифингде билдирди.

"Баалар жыл сайын инфляцияга жараша көтөрүлүп турат. Жакында эле 23 тыйынга кымбаттады. Быйыл инфлияциянын деңгээли 13,9 болгондуктан, тариф да ага ылайык көбөйтүлдү. Эгер 2010-жылдан бери 5-10 тыйындан кымбаттатып отурсак, азыр 1 сом 40 тыйын болуп калмак".

Министр энергетикага чукул кырдаал киргизүү сунушу тууралуу да түшүндүрмө берди. Анын айтуусунда, кырдаалдын бааларга тиешеси болбойт. Ал чукул кырдаал шартында чакан ГЭСтерди куруу үчүн жер маселесин чечүү оңоюраак болот деди.

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы көп жылдардан бери өзгөрүүсүз келип, быйыл 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом болду. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөйт.

“Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ишканасынын жыл башындагы маалыматына ылайык, өлкөдөгү энергокомпаниялардын 1 млн. 524 миңден ашуун абоненти бар. Анын 1,4 миллиону катардагы калк болсо, калганы өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр.(ZKo)

XS
SM
MD
LG