Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Евробиримдик өкүлчүлүгү “Азаттыктын” иши боюнча билдирүү жасады


Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Азаттык Медианын” иши боюнча билдирүү жасады.

13-июлда жарыяланган билдирүүдө “Азаттык Медиага” карата киргизилген чектөөлөрдүн алынышын кубаттай турганы жана сот Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен “Азаттык Медианын” ортосунда жетишилген макулдашууну жактырганын эске алары айтылды.

“Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги жана эркин, көз каранды эмес журналистиканы камсыз кылуу бардык динамикалуу жана туруктуу коомдор үчүн пайдубал болуп саналат”, - деп белгиленди уюмдун билдирүүсүндө.

Бишкек шаардык соту 12-июлда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Азаттык Медианын" ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу чечимин жокко чыгарган жана соттук териштирүүнү токтоткон.

Министрлик былтыр 26-октябрда “Азаттык Медианын” веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.

Мындан кийин "Азаттыктын" банктагы эсеби бөгөттөлүп, министрлик анын маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу тууралуу сотко арыз жазган. Бул арызды 27-апрелде Ленин райондук соту канааттандырган.

"Азаттыкты" чектеген бул чечимдер эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо органдарынын кескин жана тынымсыз сынына кабылып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG