Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

"Сандалаш" коругу: 20 миңдей гектар жер өзгөчө корголуучу аймактардан чыгарылды


Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы "Сандалаш" ("Чандалаш") коругунун түштүк-чыгышындагы 19 миң гектардан ашык жер “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясынан “Запастагы жерлер” категориясына которулду. Мындай чечим Министрлер кабинетинин 12-июлдагы жыйынында кабыл алынды.

Буга чейин айрым жерлиликтүү тургундар "Сандалаш" коругунан алтын казууга каршы чыгып келген, өкмөттүн соңку чечими тууралуу алар пикирин азырынча билдире элек.

Өкмөттүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги токтому менен аянты 25 270 гектарды түзгөн "Сандалаш" коругу уюштурулган.

2012-жылдын август айында өкмөттүн токтому менен алтын кенин иштетиш үчүн компаниялардын бирине ижарага берилген 3 661 гектар жер тилкесинин бир бөлүгү (1124,7 гектар) жогорудагы коруктун аймагында жайгашкандыгы жана өзгөчө корголуучу жаратылыш жерлеринин категориясына кирери аныкталган.

2020-жылы ноябрда Башкы прокуратура аталган корукка караштуу жер тилкесин тоо-кен компаниясына убактылуу пайдаланууга мыйзамсыз берүүгө байланыштуу "коррупция" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Анда мамлекет 1 миллиард сомдон ашуун зыян тартканы аныкталганы айтылган.

Чаткалда токой, тал-терек кыйылып, дарыя-суулардын нугу бузулгандыктан жана айлана-чөйрө кайра калыбына келтирилбегендиктен, чачыранды алтын казууга мораторий киргизүү талабы байма-бай көтөрүлүп келет.

XS
SM
MD
LG