Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Баткенде табылган археологиялык табылгалар Европага лабораторияга жиберилет


Археологиялык изилдөө учурунда 1-4-кылымдарга таандык табылгалар. БатМУ тараткан сүрөт.
Археологиялык изилдөө учурунда 1-4-кылымдарга таандык табылгалар. БатМУ тараткан сүрөт.

Баткен мамлекеттик университетинин демилгеси менен Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Кызыл-Кошуун өрөөнүндө археологиялык казуу иштери жүрдү.

Окуу жайдын ага окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты Акжол Кадыров "Азаттыкка" билдиргендей, изилдөө иштеринин жүрүшүндө 1-4-кылымдарда жашаган адамдар колдонгон кумура, темир бычак, канжар, курдун тогосу, адамдардын сөөгү табылды.

"Бул археологиялык табылгалар Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет. Ал жакта радиоуглероддук лабораторияларда антропология, геология, биология, генетика боюнча анализдер жана изилдөөлөр так чыгарылат. Табылгалардын датасын аныктоодо 10-20 жыл айырма болушу мүмкүн. Лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин көрүстөндөрдүн сыры илимий жактан так аныкталат. Азыр казуу иштерин убактылуу токтотуп, мыйзам талабына ылайык казылган жерлерди рекультивация кылдык. Экспертизанын жыйынтыгы чыкканда күзүндө кайра казуу иштери уланышы мүмкүн", - деди Кадыров.

Археологиялык изилдөө жүргүзүлгөн аймакта көрүстөн, мүрзө, архитектура, турак жай, петроглифтер бар. Казуу учурунда табылгалардан өзгөчө эки сөөк бири-бирине ыктаган абалда, кабыр азыктары кошо көмүлгөнү белгилүү болгон. Бул көрүнүш алдын ала болжол боюнча Кара-Булак көрүстөнүнө тектеш. Кара-Булак айылында археологдордун изилдөөсүнө ылайык, биздин замандын II-IV кылымдарына таандык “Мактым-Гөрү” көрүстөнү казылган.

БатМУ тарабынан жүргүзүлгөн казуу иштери Улуттук илимдер академиясынын тарых, археология жана этнология институтунун археология бөлүмүнүн башчысы тарых илимдеринин кандидаты, профессор археолог Кадича Ташбаеванын жетекчилиги астында Батыш Чехия университети менен биргеликте жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, буга чейин археологиялык изилдөөлөр үчүн Батыш Чехия университети менен БатМУ, илимдер академиясынын үч тараптуу келишими түзүлгөн.

1954-55-жылдары Кара-Булак айылындагы көрүстөндөн археолог Юрий Баруздин тарабынан табылган мумия Улуттук тарых музейинде сакталып туруп, 2017-жылы 14-октябрда табышмактуу жагдайда кайра Кара-Булак айылына жеткирилип көмүлгөн. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG