Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

"Байрактарды" Украинада чыгарууга лицензия берилди


Түрк компаниясы чыгарган Bayraktar TB2 учкучсуз аппараты Литвадагы авиа базада. 6-июль, 2022-жыл.
Түрк компаниясы чыгарган Bayraktar TB2 учкучсуз аппараты Литвадагы авиа базада. 6-июль, 2022-жыл.

"Байкар" компаниясынын башкы директору Халюк Байрактар билдиргендей, Анкара берген уруксат Bayraktar жана Bayraktar Akinci учкучсуз аппараттарын Украинада чыгарууга жол берет. Компания Украинадагы өндүрүштү 2025-жылы баштоону көздөп турат. Бул тууралуу ал Defence News басылмасына курган маегинде билдирген.

2019-жылы "Байкар" компаниясы Украинада өз алдынча ишкана ачкан. Дал ушул "Авиа Венчурс" компаниясы дрондорду чыгарган заводду курары күтүлүүдө.

2022-жылдын башында Украина менен Түркиянын өкмөттөрү аэрокосмос тармагында кызматташуу боюнча макулдашууга кол койгон.

Украинанын коргоо министри Алексей Резниковдун айтымында, дрондорго жергиликтүү кыймылдаткычтар коюлат.

Украина Орусия менен болгон согушта түркиялык Bayraktar TB2 учкучсуз учактарын колдонууда. Дрон сокку уруу жана чалгындоо милдеттерин аткара алат. Украина бул аппаратты согуш талаасында биринчи жолу 2021-жылы пайдаланган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган былтыр Орусия Baykar компаниясы менен кызматташууну көздөп жатканын билдирген. Көп өтпөй Халюк Байрактар CNN телеканалына курган маегинде, Орусияга Bayraktar сатылбай турганын айткан.

XS
SM
MD
LG