Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Таласта милиция кызматкери секелекти зордуктоо фактысын жашырган деп айыпталууда


13 жашар кыздын зордукталганы ачыкка чыккандан кийинки нааразылык акциясы. 8-июль, 2022-жыл.
13 жашар кыздын зордукталганы ачыкка чыккандан кийинки нааразылык акциясы. 8-июль, 2022-жыл.

Талас облустук прокуратурасы жашы жете элек кызды зордуктоо фактысын жаап-жашырып, ал үчүн пара алган деп шек саналган милиция кызматкеринин ишин иликтөөнү аяктады.

Башкы прокуратуранын 21-июнда маалымдаганы боюнча, Талас районунун ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы Ю.А. быйыл март айында жаш кыздын айылдашы тарабынан зордукталгандыгы жөнүндө маалымат алган.

"Ал тез арада мыйзам чегинде чара көрүүнүн ордуна, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, шектүүнү чакырып, андан 70 миң сом өлчөмүндө пара алып, өзгөчө оор кылмышты жаап-жашырган" - деп билдирди Башкы прокуратура.

Талас облустук прокуратурасы тарабынан бул иш аныкталып, Ю.А.ны камакка алган. Милиция кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси ("Пара алуу") жана 367-беренеси ("Кылмышты жаап-жашыруу") менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө аяктап, иш соттун кароосуна жиберилди.

Былтыр августта Бишкектин Свердлов райондук соту эки милиционерди 13 жашар кызды зордуктоого айыптап, 15 жылдан эркинен ажыраткан.

Укук коргоочулар жана жарандык коом милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылып, бир нече жолу министрликтин алдына митингге чыгышкан.

Акыйкатчы институту 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, өндүрүштө калган.
Балдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканын былтыр мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов да билдирген. Мамкатчы келтирген маалыматка караганда, былтыр жылдын биринчи жарымында эле балдардын зордук-зомбулукка кабылган 500 учуру катталган, анын 55и сексуалдык мүнөздөгү кылмыш болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG