Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

Тарыхчы Молдокасымовдун 60 жылдыгына арналган симпозиум өтүүдө


Тарыхчы, публицист жана журналист Кыяс Молдокасымов.
Тарыхчы, публицист жана журналист Кыяс Молдокасымов.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде тарых илимдеринин кандидаты, профессор, президенттин аппаратына караштуу "Мурас" коомдук фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымовдун 60 жылдыгына арналган симпозиум өтүп жатат.

"Борбор Азия өлкөлөрүндө архивдик жана булак таанууну өнүктүрүүнүн тарыхый, методологиялык жана башка өңүттөрү" аттуу симпозиумга КРнын Баш прокурору Курманкул Зулушев, ЖКнын депутаттары Нуржигит Кадырбеков, Динара Ашимова жана бир катар окумуштуулар, тарыхчылар, коомдук ишмерлер катышууда. Жыйындын жүрүшүндө Молдокасымовго Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

Тарыхчынын 60 жылдык мааракесине арналган иш-чаранын жүрүшүндө "Изгилик" аттуу даректүү тасманын жана Молдокасымовдун илимдеги эмгектерине арналган "Кыяс: алтымыштын белесиндеги белек" аттуу китептин бет ачары болду.

Кыяс Молдокасымов 1963-жылы 22-февралда Өзгөн районунун Көлдүк айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктап, бир топ жылдар аталган факультетте эмгектенген. Эмгек жолунда "Азаттык" үналгысынын Бишкектеги бюро башчысы, УТРКнын жетекчиси, "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору болуп иштеген. 2017-жылдан бери "Мурас" фондун жетектейт. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG