Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Окумуштуу Виктор Бутанаев каза болду


Виктор Бутанаев
Виктор Бутанаев

Орусиянын чыгыш таануучусу, Хакас элинин тарыхчы окумуштуусу жана педагогу, тарых илиминин доктору, профессор Виктор Бутанаев 2023-жылы 5-июнунда таңга маал Абакан шаарында жүрөгү кармап каза болду. Ал 77 жашта болчу.

Бутанаев Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (2002), Хакасия Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (2006) эле. Ал "теңир-тоолук кыргыздар менен хакастар Эне-Сай Кыргыз каганатын негиздеген орто кылымдардагы кыргыздардын орток урпактары" деген илимий пикирдин ырааттуу жактоочусу болгон.

Виктор Яковлевич (Астайбек) Бутанаев 1946-жылы 12-мартта хакас тегиндеги Яков Николаевич Бутанаевдин бүлөсүндө Камчаткада туулган. Атасы Яков (хакасча аты – Алабарс) Улуу ата мекендик согушка катышкан учкуч болгон.

"Бутанай" – кыргызча “бото” (төөнүн ботосу, боточосу) деп которулат, ал эми “Астай” сөзү “бак-таалайлуу” жана “жолдуу” дегенди туюнтат. Атасынын ысымы болсо “Алабарс”, бул - “арстан” дегенди туюнтат.

1964-1969-жылдары Өзбекстанда Ташкен мамлекеттик университетинин тарых факультетинде таалим алган. Эмгек жолун 1969-жылдан тартып Хакасиянын борбору Абакан шаарындагы Хакас өлкө таануу музейинде этнограф болуп баштаган.

1983-жылы Новосибирск шаарында кандидаттык диссертациясын “ХIХ к. – ХХ к. башындагы хакас айылынын социалдык-экономикалык өнүгүшү” деген темада этнография тармагында жактайт.

1991-94-жылдары Орусиянын Сибир бөлүмүнүн Филология институтунда фольклор бөлүмүндө (Новосибирск шаарында) этнограф катары эмгектенди.

1993-жылы Новосибирскиде Орусия ИАсынын Сибир бөлүмүнүн Археология жана этнография институтундагы Окумуштуу кеңешинде тарых илиминин доктору наамын алуу үчүн “Хакастардын этностук маданияты жана алардын тарыхый өнүгүшүнүн негизги баскычтарын калыбына келтирүү көйгөйлөрү” деген темада доктордук диссертациясын жактаган.

Абаканга келген кыргызстандык тарыхчылар (Имел Молдобаев, Тынчтыкбек Чоротегин, Олжобай Каратаев ж.б.) жана жазуучулар (Кеңеш Жусупов, Кубат Жусубалиев, ж.б.) үчүн Хакасияга жана Тывага этнографиялык сапар уюштурган.

1988-2015-жылдары бир нече ирет Кыргызстанга илимий сапарга келип, дарс окуган. Саян-алтай этнографиясы тармагында илимий мектеп түзүүгө жетишкен.

1996-жылы Хакас мамлекеттик университетинин профессору наамын алган. 1999-жылы ага И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш тилдери жана маданияттары институту тарабынан бул институттун ардактуу профессору наамы ыйгарылган.

2002-жылы Кыргызстандын “Даңк” медалы менен сыйланган. Ошол эле жылы “Түрксой” уюмунун алгачкы эл аралык сыйлыгына татып, 2004-жылы “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылган.

2008-жылы ал хакастар жана фу-йү кыргыздары тууралуу соңку китептери үчүн жалпы орусиялык жогорку окуу жайлардын окуу китептер конкурсунун диплому менен сыйланган.

Виктор Бутанаев бир уул, эки кызды тарбиялап, өстүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG