Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Ташиев коррупцияга каршы күрөштөн 11 млрд. сом түшкөнүн билдирди


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев соңку эки жылда коррупция менен күрөштүн натыйжасында казынага 11 млрд. сомдон ашык каражат түшкөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 25-майда Region телеканалындагы интервьюсунда айтты.

"Булар ошол эле коррупционерлерден түшүп жатат. Биз адамдык катнашууну азайттык. Мени эч ким 1 сом акча алдың деп күнөөлөй албайт. Келген акчанын баарын мамлекетке жөнөтөм же УКМКнын пайдасына иштетем", - деди Ташиев.

2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келген бийликтин алгачкы демилгелеринин бири мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз байлык топтогон жемкорлорго экономикалык мунапыс жарыялоо болду. 2021-жылы өкмөт республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсеп ачкан. Эсепке экономикалык мунапыстын жана кылмыштуу жол менен жыйнаган каражаттарын мыйзамдаштыруунун алкагында алынган акча түшөрү жарыяланган.

Күрөштүн алкагында мурунку жана азыркы бир топ аткаминерлер ар кандай кылмыштарга шек саналып кармалып, көпчүлүгү казынага белгилүү суммада акча төлөп, абактан чыгууда. Кыргыз бийлиги ким канча акча төлөп чыкканын жарыялаганы менен, ал каражаттын кайда жумшаларын купуя кармайт. Коомчулукта муну “кустуруу” жараяны деп аташып, сындагандар да, колдогондор да бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG