Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

"Бакай банк" Орусиянын агрессиясын колдобой турганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинага кол салганы үчүн Орусияга салынган санкциялардан улам Кыргызстандагы "Бакай банк" расмий билдирүү таратты.

Анда банк өзүнүн аброюн баалай турганын жана этикага туура келбеген ишкердик жүрүм-туруму боюнча ар кандай айыптоолорго жооп берүүгө дайым даяр экенин белгиленген.

Банк Орусиянын Украинага каршы аскерий агрессиясын колдобой турганын белгилеген. Бирок ошол эле учурда Кыргызстан менен Орусиянын экономикасы бири-бири менен тыгыз байланышта экенин эске алып, согушка каршы санкциялар учурунда бизнеске таасир эткен жагдайлардан кыйгап өтүү кыйын экенин моюнга алган.

"Кыргызстандын жана Орусиянын экономикасы ушунчалык тыгыз байланышта болгондуктан, эч кандай колдоосуз Орусиядан экономикалык жана товардык өз ара аракеттенүүдөн баш тартууну бизден талап кылуу өлкөнүн экономикасынын кыйрашына алып келе турган арзан популизм", - деп жазылган банктын билдирүүсүндө.

Аталган банкты санкциялар тизмесине киргизүүгө чакырып "терс баа бергендер" мамлекет кандай шартта жашап жатканын терең талдап көрбөгөнү айтылган.

Өткөн апта соңунда АКШнын Каржы министрлиги Украинадагы согуштан улам Кремлге каршы санкцияларды кеңейтип, “кара тизмеге” Орусиянын 69, Армениянын бир жана Кыргызстандан бир ишканасын киргизген.

АКШ койгон жаңы чектөөлөргө көбүнчө Орусиянын аскер күчтөрүнө жардам берүү үчүн колдонула турган буюмдарды чыгарган компаниялар илинген.

АКШнын Каржы министрлиги расмий жарыялаган документинде Кыргызстандын “Тро, Я” компаниясы (АКШнын документинде Tro.Ya, LLC деп турат-ред.) санкцияга илингени айтылды. Документте аталган компания Чүйдүн Токмок шаарында жайгашканы жазылган.

Компания сайтында өнөр жай тармагына тиешелүү телекоммуникация, навигация жаатындагы электрондук жабдууларду ташый турганын көрсөткөн. Ачык булактардагы маалыматка ылайык, “Тро, Я” 2018-жылы кайра каттоодон өткөн, жетекчиси Хилоу Насер Исхарович аттуу жаран.

"Азаттыктын" компания менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.
Бул жагдайга байланыштуу кыргыз өкмөтү комментарий бере элек.

Өткөн жылдын соңунда Кыргызстанда иштегин бир катар банктар Орусиянын "Мир" банктык картасын тейлөөнү токтоткон. Анын арасында "Бакай банк" дагы бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG