Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:28

Чикаго: Болотбек Борбиев менен Дональд Лу алака-катышты талкуулады


Болотбек Борбиев менен Дональд Лу.
Болотбек Борбиев менен Дональд Лу.

АКШнын Чикаго штатында Кыргызстандын аталган штаттагы башкы консулу Болотбек Борбиев менен АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Дональд Лу жолукту. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, анда өз ара алака-катышты өнүктүрүү, кыргыз жарандарын АКШда ишке орноштуруу маселелери талкууланды.

"Анын ичинде туристтик жана студенттик визалардын мөөнөтүн узартуу, кыргызстандык жарандарды АКШда ишке орноштуруу маселелерин талкуулашты. Башкы консулдукта америкалык дипломат менен АКШдагы кыргыз диаспорасынын жана бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Анын жүрүшүндө компаниялардын бири кыргызстандыктарды Кошмо Штаттарында ишке орноштурууга байланыштуу презентациясын көрсөттү", - деп жазылган маалыматта.

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин соңку маалыматна караганда 1 миллион 200 миңге жакын Кыргызстандын жараны чет өлкөлөрдө эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү - 1 миллион 63 миңдейи Орусияда. Казакстанда 30 миңдей, Түркияда - 20, АКШ жана Араб өлкөлөрүндө 10 миңдей кыргызстандык бар.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, Кошмо Штаттарда болжол менен 26 миңдей кыргызстандык иштеп, жашап жатат. Булардан сырткары Түштүк Корея, Европа өлкөлөрүндө да убактылуу жашап-иштеген мекендештер бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG