Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Нукус окуялары: камалгандар менен Акыйкатчынын өкүлдөрү жолукту


Акыйкатчынын өкүлү Нукус окуяларынын уюштуруучусу катары 16 жылга соттолгон Даулетмурат Тажимуратов менен да жолуккан.
Акыйкатчынын өкүлү Нукус окуяларынын уюштуруучусу катары 16 жылга соттолгон Даулетмурат Тажимуратов менен да жолуккан.

Өзбекстанда Акыйкатчы институтунун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү Каракалпакстан окуяларына байланыштуу тергөө абагында отургандар менен жолукту. Расмий маалыматка ылайык, эл арасында "таш түрмө" деген ат менен таанымал Зангиата районунундагы абакта Нукус шаарында былтыр июль айларындагы окуяларга байланыштуу кармалган 22 адам отурат.

"Иликтөөнүн жүрүшүндө тергөө абагында бир катар кемчиликтер, айрым камераларда санитардык-гигиеналык абал талапка ылайык эмес экени аныкталды. Кармалгандардын сейилдөөсүнө жетиштүү убакыт берилбейт, айрымдары медициналык кызмат көрсөтүү тууралуу дооматын айтты",- деп жазылган маалыматта.

Анда Нукустагы окуялардын уюштуруучусу катары 16 жылга сотттолгон журналист жана юрист Даулетмурат Тажимуратов менен жолугушуу болгонун, ал жана башка соттолуучулар "түрмөнүн шартына, тамак-ашына" байланыштуу дооматтары жоктугун айтышканы белгилеген. Буга чейин Тажимуратов Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү андан бир дагы жолу кабар албаганын сындап чыккан.

Каракалпакстан окуясына байланыштуу январда соттолгондордун апелляциялык арызы жана прокуратуранын каршылыгы 5-майдан тартып карала баштады. Жараян Ташкентте Жогорку Соттун кылмыш иштери боюнча коллегиясында өтүп жатканын "Азаттыктын" өзбек кызматы жазган.

Биринчи инстанция Бухарада өтүп, жыл башында 22 адамга өкүм чыккан. Башкы айыпталуучу деп саналган Даулетмурат Тажимуратов 16 жылга эркинен ажыратылса, дагы 17 адам үч жылдан сегиз жарым жылга чейин кесилген.

Алты жылга кесилген Полат Шамшетов 4-февралда Бухарадагы тергөө абагында каза тапкан. Соттук-медициналык экспертиза анын өлүмүнө өпкө жана жүрөк-кан тамыр оорулары себеп болгонун билдирген.

Прокуратура биринчи инстанцияда шарттуу кесилген Лолагул Каллиханова, Азамат Турданов, Ахмет Сметуллаев жана Азамат Нуратдиновге байланыштуу чечимге каршылык билдирген.

17-мартта дагы 39 айыпталуучуга өкүм чыккан. Анда 28 адам беш жылдан 11 жылга чейин эркинен ажыратылса, 11и сот залынан шарттуу түрдө бошотулган.

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси былтыр жазында көтөрүлүп, 1-2-июлда автономиялуу Каракалпакстан Республикасында нааразылык чыккан. Жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Конституциядан алып салууга каршы Нукус шаарында өткөн ири митингдер күч менен басылган. Кеминде 21 адам каза таап, жүздөгөн адам жараат алган бул кандуу окуядан кийин Каракалпакстандын макамы өзгөрүүсүз калган.

Эл аралык коомчулук Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды ачык жана калыс иликтөөгө чакырып келет.

XS
SM
MD
LG