Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:27

Прилепин жардыруу болгон машинаны өзү айдап баратканын билдирди


Захар Прилепин.
Захар Прилепин.

Украинага каршы согушка катышып жүргөн орусиялык жазуучу Захар Прилепин жардыруу болгон машинаны өзү айдап баратканын билдирди. Ал 6-майдагы кол салуудан кийин биринчи жолу Телеграм-каналына билдирүү жазды. Анда учурда Нижний Новгород шаарында ооруканада экенин, эки буту тең сынганын айткан. Бул жардырууда машинада отурган бир адам мерт болгон жана буга чейин ал айдоочу экени тууралуу маалыматтар чыккан.

Орусиянын тергөө кызматы кол салууга байланыштуу Украинанын атайын кызматын айыптаган. Киев болсо комментарий берген эмес.

Москва кол салууга айыптап Донецк облусунун тургуну Александр Пермяков кармалганын билдирген. Анда кылмышка шектүү украиналык атайын кызматтын тапшырмасын аткарганын айтып көрсөтмө бергени кабарланган. Айрым орусиялык басылмалар Пермяков Донецкте Кремль колдогон жикчилдердин катарынды кызмат кылганын жазышкан.

Машинадагы жарылуу үчүн жоопкерчиликти өздөрүн "украиндердин жана Крым татарларынын аскердик кыймылы" деп атаган "Атеш" уюму алган.

Прилепин Орусияда белгилүү жазуучулардын бири, көптөгөн адабий сыйлыктардын ээси. Ал "Справедливая Россия - за правду" партиясынын лидерлеринин бири катары да таанымал.

Ал 2021-жылы Мамлекеттик Думага депутат болуп шайланган, бирок мандат алуудан баш тарткан. Жазуучу 2014-жылдан бери Украинага кескин каршы экенин билдирип келет жана өздөрүн "Донецк элдик республикасы" деп атаган жикчилдер тарапта согушка дагы катышкан. Былтыр күзүндө жазуучу Росгвардиянын курамында Украинага каршы согушка кайра кеткени тууралуу маалыматтар чыккан.

  • Ушул жылдын 2-апрелинде Санкт-Петербургдун борборундагы кафеде жардыруу болуп, аскердик кабарчы Владлен Татарский (өз аты Максим Фомин) мерт болгон. Кафеде анын чыгармачыл кечеcи өтүп жатканы кабарланган. Жардырууда жабыркаган 30 адамдын 24ү ооруканага жаткырылган. Татарский Донбасста орусиячыл күчтөрдүн катарында согушуп, кремлчил пропагандачы катары таанылган. Бул кылмышка шектүү катары 26 жаштагы жергиликтүү тургун - Дарья Трепова кармалып, камакка алынган.
  • Былтыр август айында машинадагы жарылуудан улам орусиялык саясий технолог, философ Александр Дугиндин кызы Дарья Дугина каза болгон. Москва бул окуяга байланышуу Киевди айыптаган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы кылмышка шек саналып Украинанын эки жараны кармалганын кабарлаган. Киев дооматты четке каккан.

XS
SM
MD
LG