Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:40

Путин Рахмонду 9-майда Москвага келип кетүүгө чакырды


Рахмон жана Путин.
Рахмон жана Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын лидери Эмомали Рахмонду “Жеңиш күнүн майрамдоого арналган иш-чарага катышуу үчүн” Москвага келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу Рахмондун басма сөз кызматы кабарлады.

"Известия" басылмасы Дүйшөмбүнүн расмий кабарына таянып, Рахмон чечим кабыл ала электигин жазды. Кремль азырынча маалымат бере элек.

Расмий билдирүүгө ылайык, 5-майда Рахмон Путин менен телефондон эки тараптуу мамилени өнүктүрүүнү сүйлөштү жана Жеңиштин 78 жылдыгы менен бири-бири куттукташты.

Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 9-майда Москвада өтө турган парадга катыша турганы кабарланган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков юбилейлик болбогондуктан, 9-майда өтө турган майрамдык иш-чарага башка чет элдик лидерлер чакырылбаганын айткан.

3-майга караган түнү Владимир Путиндин Кремлдеги резиденциясына эки дрон чабуул койгон. Анда эч ким жабыркаган эмес. Орус бийлиги кол салууну Украинаны уюштурган деп айыптап, "президентке кол салуу аракети" деп атаган. Киев буга тиешеси жоктугун билдирген.

Мындан кийин Москвада коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Песков 9-майдагы парад пландалгандай өтөрүн белгилеген.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 2021-жылдын 9-майында Москвадагы парадга келген жалгыз чет элдик лидер болгон. 2022-жылы, Орусия Украинага согуш ачкандан кийинки 9-майдагы аскердик парадга бир дагы чет элдик президент же өкмөт башчы барган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG