Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:00

"Менин үйүм" программасын Сауд өнүктүрүү фонду каржылайт


Садыр Жапаров менен Султан Абдурахман Аль-Маршад .
Садыр Жапаров менен Султан Абдурахман Аль-Маршад .

Президент Садыр Жапаров 24-апрелде Сауд өнүктүрүү фондунун башчысы Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолукту. Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, өз ара алака-катыш тууралуу пикир алышуу болду. Аталган фонд "Менин үйүм" программасын жана Суусамыр-Талас-Тараз жолун курууну каржылай турганы айтылды.

"Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн маанилүү эки долбоор боюнча, "Менин үйүм" турак жай программасы менен Суусамыр-Талас-Тараз жолун оңдоо келишимдерине кол коюлганын белгиледи. Ага ылайык, фонддун 100 миллион доллары өлкө калкы үчүн жеткиликтүү турак жайларды курууга багыттала турганын белгиледи. Жалпысынан 2026-жылга чейин бул программаны ишке ашыруу алкагында 50 миңден ашык жаранды үй менен камсыз кылуу пландалууда", -деп жазылган малыматта.

Ошондой эле Садыр Жапаров аталган фонддун жетекчисине гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

"Өз кезегинде Султан Абдурахман Аль-Маршад жылуу кабыл алууга ыраазычылык билдирди. Акыркы эки жылда тараптар Кыргызстанда бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жетишкенин айтты",-деп көрсөтүлгөн маалыматта.

Буга чейин президент ипотекалык үйлөрдү мындан ары өкмөт өзү саларын билдирген жана бул жаатта бир катар долбоорлор ишке ашырыла баштаганын айткан.

Расмий маалыматка ылайык, "Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында 6,2 млрд. сомго 2,5 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон. Буга чейин Жогорку Кеңеште ипотека насыясын берүүдө коррупция бар экени тууралуу бир канча жолу маселе көтөрүлгөн. Аталган компания мындай дооматтарды четке каккан.

XS
SM
MD
LG