Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Мурдагы судья Жээнбекованын жери боюнча соттун мөөнөтү жылды


Мира Жээнбекова.
Мира Жээнбекова.

Бишкек шаардык сотунда мурдагы судья Мира Жээнбекованын жери боюнча 10-апрелге белгиленген соттук териштирүүлөр 27-апрелге жылды. Буга Бишкек мэриясынын өкүлдөрү келбегени себеп болгонун Жээнбекованын жакындары билдиришти.

Соттун алдында мурдагы судья билдирүү таратып, өзүнө козголгон кылмыш иштерин камактагы агасы, саясатчы Равшан Жээнбековдун саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырган жана "саясий басым" деп атаган.

“Эки жылдан бери биздин - Жээнбековдордун үй-бүлөсүнө болуп көрбөгөндөй басым жана куугунтук болууда. УКМКнын тергөөчүлөрү козголгон кылмыш иши боюнча эч нерсе таба алышпай, 20 жыл мурун менин аукциондон сатып алган 7 сотых жерибизди тартып алышууда. Бул мамлекеттик рейдерликти алар сотторго басым жасап ишке ашырууда”, - деп жазылган анда.

Мындай билдирүүгө Улуттук коопсуздук кызматы (УКМК) жооп бере элек.

2022-жылы Бишкектин административдик соту Мира Жээнбекованын Бишкектен мындан 18 жыл мурун сатып алган 4 сотых жер боюнча иштин эскирүү мөөнөтүн алган.

2021-жылы апрель айында УКМК Жээнбекова мыйзамсыз баюуга шек саналып жатканын, ал мыйзамдуу киреше булагы жок болсо да кымбат баалуу кыймылсыз мүлк жана бир катар коммерциялык объектилерге ээ экенин кабарлаган. 74 кымбат баалуу батири, 19 соода жайы, 10 автоунаа токтотуучу жайы, Бишкекте ыңгайлуу аянттардагы жер тилкелери аныкталганын билдирген. Мурдагы судья бул айыптарды толук четке каккан.

Ал 2016-2021-жылдары Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча коллегиясынын судьясы болуп иштеп, былтыр кызматтан алынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG