Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Украина орус күчтөрүнүн Бахмутту басып алууга чама-чаркы жетпейт деп эсептейт


Бахмутта салгылашып жаткан украин аскери.
Бахмутта салгылашып жаткан украин аскери.

Украина орус күчтөрү Бахмут шаарын басып алууга чама-чаркы жетпейт деп эсептейт. Чыгыш аскер командачылыгынын басма сөз катчысы Сергей Череватый 3-апрелде Reuters агенттигине маалымат бергенде, шаардык админстрациянын айланасында салгылашуу жүрүп жатканын, бирок орустардын калааны көзөмөлгө алуу дарамети жоктугун белгиледи.

Орусиянын "Вагнер" жалданма аскер компаниясынын башчысынын бир айдай мурун "Бахмутту алдык" деген маалыматы тастыкталган эмес.

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы күнүмдүк маалыматында орус армиясы мурдагыдай эле Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Марьинка багыттарында чабуулун уалнтып жатканын билдирди.

Жекшембиде Донецк облусундагы Константиновка шаарында ракета соккусунан алты киши набыт болгонун украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак билдирди. Согуш шартында Эркин Европа/Азаттык радиосу маалыматтарды көз карандысыз булактардан дароо тактай албайт.

XS
SM
MD
LG