Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:05

Казакстанда 20 жыл документсиз жүргөн аял Кыргызстанга кайтарылды


Кыргызстандын паспорту.
Кыргызстандын паспорту.

2003-жылдан бери ким экенин ырастаган документтери жок, оор турмуштук кырдаалга кабылып, Казакстанда жүргөн 56 жаштагы М.К.Ш. аттуу кыргызстандык аял мекенге кайтарылды.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 30-мартта маалымдады.

"Кыргызстандын чет жактагы өкүлчүлүктөрү жарандардын кайрылуусуна ыкчам жооп берип, алардын укугу менен кызыкчылыктарын коргоо аракетинде. Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу жана "Жаш Муун" диаспорасынын өкүлдөрү 2003-жылдан бери Казакстанда документи жок жүргөн 56 жаштагы аялды, 2008-жылы төрөлгөн өспүрүм кызды Кыргызстанга кайтарып келди", - деп жазылган маалыматта.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматында, Казакстанда документи жок кыргызстандыктар кулчулукка кабылган учурлар катталып келет.

Көз каранды эмес укук коргоо уюмдарынын иликтөөлөрү боюнча, кулчулукка кабылган кыргызстандык жарандардын 70 пайызын мигранттар түзөт. (BCh)

XS
SM
MD
LG