Францияда пенсиялык реформага каршы нааразылык акциялары бүтүндөй өлкөгө жайылып, ага 100 миңдеген адам катышууда. Акциялар баш аламандык менен коштолуп, муниципалдык мекемелерге өрт коюлуп, жол тосулду. Ал эми Элисей сарайы баштаган реформасынан кайтпай турганын айтып жатат.
Парламентти айланып өткөн мыйзам долбоору
Бийликтин пенсиялык реформасы жапырт нааразылык менен коштолуп, 23-мартта өлкө боюнча 1,5 миллиондон ашык киши көчөгө чыкты. Нааразылыктын башында турган кесиптик кошуун 3,5 миллионго чейин жеткенин айтышат. Мындай акциялар бир жарым айдан бери уланууда.
Парижде нааразы болгондор полицияга таш ыргытса, алар жооп катары көздөн жаш агызуучу газ чачышты. Бордо шаарында мэриянын имаратына өрт коюлуп, Ниццанын айрым тургундары аэропортто баш аламдык уюштурду. Ренн шаарындагы полиция баш аламдык уюштургандарды суу менен таратууга аракет кылды. Кагылышууда 150дөй полиция кызматкери ар кандай жаракат алып, 24-мартка карай 500гө чукул киши кармалды.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон сүрөгөн мыйзам долбоору январь айында сунушталып, ошондо эле массалык каршылыкка туш болгон. Талаштуу мыйзам долбоору 16-мартта парламенттин добушу жок кабыл алынды. Француздардын Конституциясынын атайын беренеси өкмөткө парламентти айланып өтүп, мыйзамды түз кабыл алууга жол берет. Коомдогу каршылыктан улам Эммануэл Макрон ушул мүмкүнчүлүктү колдонууну туура көргөн.
Президент Макрон улгайган жарандар көбөйүп, пенсиялык фонддогу таңкыстыктын өсүп атканын эске алганда реформа улуттук экономика үчүн маанилүү деп эсептейт.
"Эгер пенсиялык системанын тең салмактуу болушун кааласак, башка жол жок. Биз канчалык көп күтсөк, ал ошончолук начарлай берет. Андыктан бул реформа керек" - деди француз лидери. - Бул француз эли үчүн. Аны ишке ашыруу мага да жага бербейт. Бирок жоопкерчиликтен улам силердин алдыңарда өз мойнума алып жатам" - деди Макрон 23-мартта сүйлөгөн сөзүндө.
Бирок Макрондун мындай түшүндүрмөсү реформага каршыларды ынандыра албагандай.
Сурамжылоого ылайык, пенсиялык реформага француздардын үчтөн экиси каршы экенин билдирген. Өзгөчө бийлик эл менен эсептешпей койгонуна нааразылар да арбын. Алардын бири Люсиль Бидет Reuters агенттигине мындай деген:
“Бийлик элди укпайт жатат. Ошон үчүн биздин ушул жерде турганыбыз маанилүү жана өкмөттүн туура эмес чечимин айтышыбыз керек. Эгер эл реформага каршы болсо анда алардын ою эсепке алынышы абзел”.
Францияда 2018-жылдагы "сары кемселчендердин" козголоңунан бери мындай масштабдагы акция өтө элек болчу. Беш жыл мурун бийликтин күйүүчү майдын баасын көтөргөн саясаты элди бир ай көчөгө чыгарган.
Эс алууну эки жылга кечеңдеткен реформа
Президент Макрон сүрөгөн реформада - француздардын пенсия жашын 2030-жылга чейин 62ден 64 жашка көтөрүү каралган. Бул үчүн жаран жок дегенде 41-43 жыл эмгектениши керек. Ошол эле учурда пенсиянын минималдуу чеги 1200 еврого көтөрүлө турганы айтылууда.
Францияда пенсия жашы 64кө көтөрүлгөн күндө деле бул Европадагы эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири болмокчу. Ошол эле Германияда 67, Англияда 66, Испанияда 65 жашта эс алууга чыкса болот. Кыргызстанда болсо аялдар 58 жашында, эркектер 63 жашында пенсияга кетсе болот.
Европада жашоо узактыгы өскөн сайын пенсиялык фонддогу таңкыстык маселеси курч болууда.
Францияда аялдардын жашоо узактыгы 85,2 жаш болсо, эркектердики 79,3 жаш деп эсептелет. 2022-жылы Франциянын калкынын саны 67,8 миллионго жеткен. Le Monde гезити жазгандай, 60тан өткөндөр калктын 26% түзөт. 2040-жылы Франциядагы ар бир үчүнчү жарандын жашы 65тен жогору болот деген божомол бар.
Француз өкмөтү сүрөгөн реформага каршы чыккан кесиптик кошуундар демилгени өтө катаал жана адилетсиз деп эсептешет. Алар бул боюнча жалпы референдум өтүшү керек деп эсептейт.