Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Кинорежиссер Марат Сарулу дүйнөдөн кайтты


Марат Сарулу.
Марат Сарулу.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кинорежиссер Марат Сарулу 9-мартта Бишкекте 66 жашында дүйнө салды.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Марат Сарулу 1957-жылы Талас облусунда төрөлгөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктап, кийин Москванын Киноакадемиясынан билим алган. Кыргызстандын Кинематографисттер союзунун, КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн кинематографисттер союздарынын мүчөсү болчу.

Анын А.Абдыкалыков жана А.Алишеров менен биргеликте жараткан “Бешкемпир” тасмасы Швейцариянын Локарно шаарында өткөн эл аралык фестивалда “Күмүш илбирс”, Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өткөн Евразия кинофестивалында баш байге (1998) жана 18ден ашуун эл аралык сыйлыктарга ээ болгон. “Мария”, “Көч”, “Эне” жана башка көркөм, даректүү тасмалары көптөгөн эл аралык сыйлыктарды алган.

Маркумдун сөөгү 11-мартта Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилет. (BTo)

XS
SM
MD
LG