Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 431 миллион долларга өстү


АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 578 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Финансы министрлигинин 2022-жылдын жыйынтыгы тууралуу жаңы маалыматында белгиленет.

Сумманын 4,5 миллиард доллары тышкы карыз, 1 млрд доллардан ашыгыраагы ички карыз.

2021-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 147 миллион доллар болчу. Башкача айтканда, мамлекеттик карыз бир жылда 431 миллион долларга өскөн.

Эки жыл мурда Кыргызстандын Финансы министрлиги тышкы карызды тейлөө үчүн депозиттик эсеп ачкан. Агакаалоочулар акча салат. 2023-жылдын 20-февралына карата эсепте, чогулган каражат 31 млн 532,87 сомду түздү. (ErN)

XS
SM
MD
LG