Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:22
Түркия.
Түркия.

Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында 7,8 баллга жеткен зилзалада 37 миңдей киши набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды.

02:03 13.2.2023

Түркия менен Сирияда зилзалада набыт болгондордун саны 30 миңден ашты. Улуттар Уюму бул сан эки эсе көбөйүшү ыктымал экенин эскертти. Жекшембидеги соңку маалыматка караганда Түркияда курмандыктар 29 миңден өтсө, Сирияда 4 жарым миңге жеткенин Al Jazeera кабарлады. Эки өлкөдө жараат алгандар он миңдеп саналат. Жүз миңдеген киши башкалкасыз калды. Издөө-куткаруу иштерине 70тен ашуун өлкөдөн келген адистер тартылды. Издөө операциясынын 7-күнүндө дагы урандылардын алдынан аман калгандар табылганы маалым болду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эки өлкөдө апааттан 26 миллиондой киши жабыркаганын билдирди.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ишембиде жапа чеккен өлкө түштүгүндөгү райондорго барды. “Урандыларды тазалап, кайра калыбына келтирүү иштерине тездик менен киришебиз. Азыр жүз миңдеген үйдү, тагыраак айтканда жер титирөөдө катуу талкаланган шаарларды реконструциялоо планынын үстүнөн иштеп жатабыз. Бир нече аптанын ичинде так кадамдарды баштайбыз” – деди Диярбакыр шаарынын тургундары менен жолукканда.

“Бир нече аптанын” ичинде шаарларды кайра куруу башталарын убада кылган Эрдоган жүз миңдеген турак-жай имараттары кирип жашоого жараксыз болуп калганын белгилеп, талап-тоноочулукка барып жаткандарга катуу эскертүү берди.

Би-би-си радиосу түрк бийлиги зилзалада жабыркаган 10 провинцияда 170 миң имаратты карап чыккандан кийин 25 миң үй пайдубалына чейин жер менен жексен болгону же өтө катуу кыйраганы аныкталганын жазды. Прокурорлор 113 кишини кармоого буйрук берди. Жекшембиде 12 киши кармалганы маалым болду.

Түрк оппозициясы бийлик курулуш бизнесинде эржелер менен нормаларга көз жуумп келген, 1999-жылкы жер титирөөдөн эч кандай сабак алган эмес деп сындап жатат.

Тоодой үйүлгөн урандылардын алдынан адамдарды аман алып чыгуу мүмкүнчүлүгү барган сайын азаюуда. Айрым жерлерде талап-тоноо болуп, жергиликтүү куралчан топтор атышканга чейин барышты.

Сирия менен чектеш Хатай провинциясында Германия менен Австриядан келген куткаруучулар атышуу менен коштолгон морадерчулуктун айынан ишин убактылуу токтотууга мажбур болду. Жекшембиде издөө-куткаруу операциясына катышкандарды түрк армиясы кайтарып турду.

Гуманитардык жардам жеткирүүнүн түйшүгү

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эки өлкөдө жалпысынан 26 миллиондой киши жабыр тартканын ишембиде билдирди. Зилзалада ондогон оорукана керектен чыкты.

БУУнун саламаттык сактоо мекемеси кырсыктан жабыркагандарга өтө зарыл жардамды уюштуруу үчүн тез арада 42,8 миллион доллар бөлүүгө чакырды. Уюм 15 миллион киши Түркияда жардамга муктаж болсо, согуштан талкаланган Сирияда 11 миллиондой адам башкалкасыз калганын билдирди.

Улуттар Уюмунун баш катчысынын орун басары, гуманитардык маселелер боюнча координатару Мартин Гриффитс Сирияда кырдаал өтө кыйын экенин айтты. Согуштун каарын тарткан өлкөнүн саламаттык сактоо системасы талкаланган, бир катар аймактар өкмөттүк күчтөр менен кармашып жаткан козголоңчулардын колунда. Өлкөнүн түндүк-батышына гуманитардык кербен Түркиянын аймагы аркылуу жекшембиде араң кирди.

БУУ Туркия менен Сириянын чек арасында кошумча көзөмөл-өткөрүү бекеттерин ачуунун жолдорун караштырып жатканын Гриффитс эки өлкөнүн чек арасына барганда айтты.

Сирия: 36 саат урандынын алдында калган энесин күткөн тургун
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

35 жылдан бери жабык турган Армения менен Түркиянын чек арасы зилзаладан жабыркаган Түркиянын түштүк аймагына гумантардык жүк жеткирүү үчүн ишембиде ачылды. 100 тонна тамак-аш, дары-дармек, суу жана башка эң зарыл нерселерди жүктөгөн машинелер Түркиянын Адыяман шаарына сапар алды.

Соңку жолу чек ара 1988-жылы Армениянын Спитак шаары жер титирөөдө талкаланып калганда ачылып, Түркиядан гуманитардык кербен жүк тартып кирген.

Бир нече күн мурун Армениядан 27 куткаруучу Түркияга учуп кеткен.

12-февралда Кыргызстан Түркияга дагы 50 куткаруучу жана алты дарыгер жөнөттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жардам иретинде дары-дармек, медициналык жабдуулар, күндөлүк керектелчү буюм-тайымдар жана кийим-кече өңдүү зарыл нерселер, ошондой эле 75 боз үй жиберилди.

"Калган куткаруучулар, боз үйлөр жана керектүү буюмдар келе жаткан жуманын шейшемби күнү жеткирилмекчи", - деп жазылган маалыматта.

Зилзаланын алгачкы күнүндө эле Бишкектен 67 адамдан турган куткаруучулар тобу Түркияга учуп кеткен.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин маалыматына караганда, акыркы алты күндө 70тен ашык кыргыз жараны жер титирөө болгон аймактардан Анкара, Анталия жана Алания шаарларына, ошондой эле Астана менен Ташкент аркылуу Кыргызстанга эвакуацияланды.

Мунун алдында жер титирөө болгон жерде уранды алдынан бир кыргыз жаранынын сөөгү табылганы белгилүү болгон. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн камылга көрүлүп жатканын айткан.

18:39 12.2.2023

Жекшембидеги соңку маалыматка караганда Түркияда зилзалада набыт болгондор 29 миңден ашты. Сирияда 3 жарым миңден өттү. Эки өлкөдө жараат алгандар он миңдеп саналат. Жүз миңдеген киши башкалкасыз калды. Издөө-куткаруу иштерине 70тен ашуун өлкөдөн келген адистер тартылды.

16:41 12.2.2023

Кыргызстан 12-февралда катуу жер титирөөдөн жабыркаган Түркияга дагы 50 куткаруучу жана алты дарыгер жөнөттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, алар жардам иретинде дары-дармектерди, медициналык жабдууларды, буюм-тайымдарды жана кийим-кече өңдүү зарыл буюмдарды, ошондой эле 75 боз үй ала кетишти.

"Калган куткаруучулар, боз үйлөр жана керектүү буюмдар келе жаткан жуманын шейшемби күнү жеткирилмекчи",-деп жазылган маалыматта.

Кыргызстан буга чейин Түркияга дагы 100 куткаруучу, 100 боз үй жөнөтөрүн кабарлаган.

Мунун алдында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу Консулдук департамент Бишкектен Түркияга жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдарды кабыл алууга даярдык көрүлүп жатканын билдирген. Анда жардам жүктөлгөн учак 12-февралда Газиантеп шаарына конору болжолдонуп жатканы, бул аймакка Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев барганы айтылган.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандан келчү боз үйлөрдү тигүү үчүн Ван, Анкара жана Стамбулдагы этникалык кыргыздардын ыктыярчылар тобу түзүлүп, жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга жөнөтүлдү.

Кыргызстан Түркияга зилзаланын алгачкы күнүндө эле 67 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн.

16:36 12.2.2023

Армян-түрк чек арасы 35 жылдан бери биринчи жолу гуманитардык кербенге ачылды

35 жылдан бери жабык турган Армения менен Түркиянын чек арасы зилзаладан жабыркаган Түркиянын түштүк аймагына гумантардык жүк жеткирүү үчүн ишембиде ачылды. Бул тууралуу "Азаттыктын" армян кызматы кабарлады. 100 тонна тамак-аш, дары-дармек, суу жана башка эң зарыл нерселерди жүктөгөн машинелер Түркиянын Адыяман шаарына сапар алды.

Соңку жолу армян-түрк чек арасы 1988-жылы Армениянын Спитак шаары жер титирөөдө талкаланып калганда ачылып, Түркиядан гуманитардык кербен жүк тартып кирген.

Бир нече күн мурун Армениядан 27 куткаруучу Түркияга учуп кеткен.

Ереван менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Анкаранын чабарманы Сердар Кылыч армян парламентинин вице-спикери Руден Рубинянга жана тышкы иштер мекемесине ыраазычылык билдирди.

Кылыч Твиттерге: "Зилзаладан жабыркаган аймактагы биздин элдин башына түшкөн кайгыны жеңилдетүү үчүн армян калкынын кең пейилдик менен берген жардамын эстен чыгарбайм", - деп жазды.

Анкара менен Ереван ортосунда дипломатиялык алака жок, эки өлкөнүн чек арасы жабык. Эки өлкөнүн алкасындагы мындай чыңалуу тарыхый себептерге жана Тоолуу Карабак маселесине барып такалат. Армения 1915-жылдагы армян кыргынын геноцид деп атаса, түрк тарап муну кескин түрдө четке кагып жүрөт.

Соңку маалда Түркия менен Армения узактан бери чыңалып турган мамилесин оңдоого кадам таштаганы белгилүү болду. Ушу тапта эки өлкөнүн атайын чабармандары иш алып барат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG