Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:39
Түркия.
Түркия.

Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында 7,8 баллга жеткен зилзалада 37 миңдей киши набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды.

00:11 11.2.2023

Түркия менен Сирияда зилзаланын курмандыктары 23 миңден ашканы жума күнү кечинде кабарланды. Жараат алгандар он миңдеп саналат. Издөө-куткаруу иштери уланууда.

Европа Кеңешинин президенти Шарл Мишел жума күнү Брюсселде туруп, шаркетке мүчө мамлекеттер Түркияда жабыркагандарга жардам берүүдө жана аман калгандарды издеп таап, куткарууга көрмөк көрсөтүүдө "чечкиндүүлүгүбүздү көрсөтөбүз” деди.

Түркиянын түштүгүндө 120 миңден ашуун куткаруучу издөө иштерине тартылды. Кыргызстандык куткаруучулар жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарына бөлүнгөн. Кыргызстан жер титирөө болгон аймакка ушул жекшембиде дагы 100 куткаруучу жөнөтө турган болду.

10-февралда Газиантеп шаарынан 22 кыргызстандык Бишкекке эвакуацияланды. 8-февралда Астана аэропорту аркылуу 17 кыргыз жараны өз мекенине чыгарылган.

16:42 10.2.2023
"Кызымды көрөмбү деп ойлодум". Түркиядан келген кыргызстандыктар
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:30 0:00

16:15 10.2.2023

Түркиянын түштүгүндө 121 миңден ашуун куткаруучу издөө иштерине тартылды.

Түркия менен Сириянын аймагында күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө болгон 6-февралдан бери 1509 жер титирөө катталган.

Түркияда апта башындагы катуу жер титирөөдөн набыт болгондордун саны 18 миң 342 кишиге, жараат алгандар 74 миң 242ге жеткенин өлкөнүн Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы 10-февралда билдирди. Зилзаладан жабыркаган 75 миң 780 адам эвакуацияланды. Он миңдеген киши жараат алды.

Сирияда өкмөт менен куткаруу кызматынын маалыматы боюнча козголоңчулар көзөмөлдөгөн өлкөнүн түндүк-батышында 3300дөн ашуун киши набыт болду.

15:08 10.2.2023

Кыргызстандын борбордук мечитинде бүгүн 10-февралдагы жума намазда Түркияда жана Сирияда жер титирөөдөн каза болгондор эскерилип, куран окулду.

Жума намазга Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилиги катышты.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Түркияда жердин титиреши 11 аймакта катталды. Каза болгондор 10-февралга карата 20 миңден ашты.

Бул өлкөдө расмий эсепте 25 миңдей кыргыз жараны бар.

Хатай провинциясында Кыргызстандын бир жараны уранды алдында калганы кабарланууда, бирок өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты расмий тастыктай элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG