Түркияда жер титирөөдөн каза болгондор арасында 8-февраль, саат 12ге карата кыргыз жарандары катталбаганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Түркиядагы элчилик Анталья жана Стамбул шаарларындагы башкы консулдуктар менен бирге кыргызстандыктар каза болгондор жана жабыркагандар арасында бар же жогун тактоо иштерин улантууда.
Жардамга муктаж кыргыз жарандарына колдоо көрсөтүлүп, Адана, Кахраманмараш жана Османийе шаарларынан коопсуз жактарга сегиз кыргызстандык жеткирилгени, Малатья шаарында тогуз кыргыз жаранына (экөө балдар, бирөө кош бойлуу келин) жардам берилип жатканы маалымдалды.
Байланыш, интернет жана электр жарыгы менен камсыздоодо техникалык көйгөйлөр жаралгандыктан иш оорлоп кеткени белгиленди.
Азыркы тапта, ТИМ билдиргендей, Анкара жана Стамбул шаарларында гуманитардык жардам чогултуу пункттары иштеп жатат, Кыргызстандан барган куткаруучулар тобу Кахраманмараш шаарында ишке киришти.
6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Түркияда, соңку маалыматка караганда, мерт болгондор 7 миңден, жарадарлар 40 миңден ашты. Сирияда каза болгондор 2 миңге, жараат алгандар 4 миңге чукулдады.
Түркияда зилзалада өлгөндөрдүн саны 7100дөн ашты, жарадарлар 40 миңден көп. Сирияда 2470 киши набыт болгонун, 4 миңдейи жараат алганын Reuters жана башка эл аралык медиалар жазышты. Акыркы маалыматтарга ылайык, эки өлкөнү кошкондо кырсыкта көз жумгандар 9 миңден ашты.
Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катуу жер титирөөдө мерт болгондордун саны 6434гө жеткенин, дагы 37 миңден көп адам жараат алганын билдирди. Октай учурда 16 миңдей куткаруучу иштеп жатканын, чет өлкөлөрдөн дагы жардамга келишкенин билдирди.
Reuters менен CNN Сириянын бийликтерине шилтеме кылып, бул мамлекетте 1832 киши көз жуумганын, төрт миңдей тургун жабыркагынын жазды. Сирияда миңдеген турак жай кыйрады. Жер титирөөдөн Дамаск, Латакия баштаган ондогон шаар жабыркады.
Ушуну менен эки мамлекетте набыт кеткендердин саны сегиз миңден ашты.
Кыргызстан жөнөткөн куткаруучулар тобу Түркияга жетти. Социалдык тармактарда алар Стамбул аба майданынан жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарына учканы жатканы тартылган видеолор тарады.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-февралда Түркияга 60тан ашык адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн. Алардын арасында эки ит менен кинолог, дарыгерлер жана психологдор бар.
Министрлик Кыргызстандан баргандар тамак-ашы, чатыры жана башка керектүү шаймандары менен кеткенин билдирген.
Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 7-февралда Түркия үчүн атайын эсеп ачылып, акча чогултуу башталганын кабарлаган
Анын алдында Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам бергиси келгендер Бишкектеги кеңсесине кайрылса болорун маалымдаган.