Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:48

Депутат жер-суу аталыштарын өзгөртүүгө тыюу салууну сунуштады


Интернеттен алынган сүрөт.
Интернеттен алынган сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров парламенттин 26-январдагы сессиясында район, айыл, көчөлөрдүн аталышын алмаштырууга байланышкан маселени көтөрдү.

“Эрежеге карабай калды. Айылга барганда көрүп жатабыз, тааныбаган эле кишилердин аттары пайда болуп калган. Жергиликтүү эл ким жылкы сойсо колдой берет экен. Кишилердин аттары менен атоого тыюу салган мыйзам киргизгиле. Тирүү адамдардын аттары коюлган учурлар бар. Мурда көчө же айылга ат коердо токсон ойлончу. Азыр эки жылкы сойсоң баары даяр. Көчөңө жарык коюп берем десе атасынын атын берет. Төрт дарак тигип берсе парктардын атын коебуз”,-деди Мадумаров.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев депутаттын пикири эске алынарын билдирди.

2018-жылы Чүй облусунунун Аламүдүн районунун Кырман айылында Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Абтандил Кулбараковдун аты көчөгө берилген. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин аты коюлган.

Парламенттин 26-январдагы жыйынында Нарындын Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон хан, Оштун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылын Кайрагач, Таластын Кара-Буура районундагы Чолпонбай айыл аймагынын Чимгент айылын Чолпонбай, Кара-Буура районун Айтматов деп алмаштыруу тууралуу мыйзам долбоору каралды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG