Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Броварыдагы кырсык балдардын жана жетекчилердин өмүрүн алды


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Украинанын Киев облусунда тик учак кулап, кеминде 16 адам курман болду. Арасында балдар жана ички иштер министри баштаган мамлекеттик кызматкерлер бар. Тик учак балдар бакчасынын жанына түшүп, имараттан өрт чыкты. Кырсыктын себеби азырынча анык эмес.

18-январда эртең мененки кырсыкта тик учак балдар бакчасынын жанына түшүп, имараттан өрт чыкты. Акыркы такталган маалыматтарга караганда, бери дегенде 17 киши каза болду, алардын төртөө балдар. Ооруканага түшкөн 22 кишинин 10у жеткинчектер.

Киев облусунун Бровары шаарында кулаган тик учакта Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский, анын орунбасары Евгений Енин, статс-катчы Юрий Лубкович, жалпысынан тогуз киши бараткан. Алардын баары каза болду.

Жергиликтүү медиа кырсыкка кабылган тик учак Украинанын Коргоо министрлигине таандык экенин жазды.

Киев облусунун аскердик администрациясынын башчысы Алексей Кулеба тик учак балдар бакчасы менен эл жашаган үйдүн ортосуна түшкөнүн айтты:

"Окуядан кийин балдар арасында дайынсыз жоголгондор тууралуу маалымат жок. Жеткинчектер башка имаратка эвакуацияланды. Алар менен тийиштүү адистер иштеп жатышат. Ата-энелер да келген. Урандыларды тазалоо иштери уланууда".

Кырсыктан кийин тартылган сүрөт.
Кырсыктан кийин тартылган сүрөт.

Апаат болгон жерге Бровары шаарынын мэри жана полиция башчысы дароо келген.

Күбөлөрдүн билдиришинче, кырсык болгон учурда туман каптап турган. Тик учак турак жайдын жанына кулаганга чейин бала бакчаны сүзгөн.

Киевдин мэри Виталий Кличко тик учак кыйраганда каза болгон министр тууралуу мындай деди:

Каргашада көз жумган ички иштер министри Денис Монастырский.
Каргашада көз жумган ички иштер министри Денис Монастырский.

"Ал жаш, мекенчил жигит эле. Украина үчүн көп нерсе жасап аткан, полицияны реформалап жаткан. Бул Украина үчүн, анын үй-бүлөсү, балдар үчүн чоң трагедия".

Тик учактын кулашынын себебин тергөөчүлөр аныктоого киришкенин министрдин кеңешчиси Антон Геращенко билдирди.

"Тергөөчүлөр кырсыктын себептерин тактап жатат. Бул диверсиябы, техникалык мүчүлүштүкпү же учуу коопсуздугунун эрежелерин бузуубу, аны жакында билебиз. Денистин, Евгенийдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына жана бул каргашада каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө чын дилимден көңүл айтам", - - деп жазды Геращенко Фейсбуктагы баракчасына.

Президент Владимир Зеленский окуяны трагедия деп атап, Коопсуздук кызматына жана Улуттук полицияга бардык жагдайларын аныктоону тапшырды.

Окуянын чоо-жайын иликтөөнү башкы прокурор Андрей Костин жеке көзөмөлүнө алганын көзөмөл органынын Телеграм-каналында кабарланды.

Бул кырсык дээрлик бир жылдай убакыттан бери өлкөгө басып кирген орус армиясы менен салгылашып жаткан украиналыктардын азабына кошул-ташыл болду. Төрт күн мурун орус күчтөрүнүн ракетасы Днепрдеги турак жайга тийгенде 40 кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG