Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Чек ара: өрттөлүп, талкаланган 426 үйдүн 45инин курулушу бүттү


Ак-Сайда жаңы курулуп ээсине тапшырылган үй
Ак-Сайда жаңы курулуп ээсине тапшырылган үй

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев 18-январда Баткен облусунун Ак-Сай айылында сентябрдагы чек ара жаңжалында өрттөлүп, талкалангандан кийин кайра курулган бир нече үйдү ээлерине тапшырды.

Ал "Азаттыкка" ушуну менен чек ара жаңжалында өрттөлүп, тонолгон 426 үйдүн, жалпы 45и кайра калыбына келтирилип, жашоочуларга берилгенин билдирди. Анын айтымында, башка үйлөрдүн курулушу толугу менен 1-мартка чейин аяктайт. Жаңжал учурунда гуманитардык жардам катары чогулган каражаттын эсебинен үй ээлерине 100 миң сомдон акчалай жардам берилди.

Ак-Сайда үй тапшыруу учурунда жергиликтүү тургундардын айрымдары турак жай курууда шашылбай, сапатка көңүл бурулушу керек деген сунуштарын айтышты.

Буга чейин курулушу бүткөн үйлөрдүн айрымдарын президент Садыр Жапаров барып тапшырган.

Учурда Ак-Сайдын 3 миңдей жашоочусу конушуна кайта элек.

Былтыр 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тарткан. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз болгон. Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, тонолгон.

Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 млрд. 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, октябрда иш башталган.

Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан куралдуу кагылышта 60тан ашык жаранынан айрылды. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун, үйлөр талкаланганын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып окко учкан 80ден ашуун адамдын тизмесин чыгарган. Эки тарапта тең каза тапкандардын арасында балдар бар. (JsA)

XS
SM
MD
LG