Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

Баткенде курман болгон чек арачы Дастан Анарбековдун сөөгү "Ата-Бейитке" коюлду


Чек арачы Дастан Анарбековдун сөөгү Ата-Бейитке коюлду. 29-декабрь, 2022-жыл.
Чек арачы Дастан Анарбековдун сөөгү Ата-Бейитке коюлду. 29-декабрь, 2022-жыл.

16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон УКМКнын Чек ара кызматынын лейтенанты Дастан Анарбековдун сөөгү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине коюлду. Бүгүн, 29-декабрда чек арачыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты.

“Тилекке каршы, жакында эле коңшу өлкө Кыргызстандын жерине басып кирди. Бирок Дастандай болгон мекени үчүн тоо болуп туруп берген жоо жүрөк кыргыз жигиттеринин татыктуу каршылыгы алардын мизин кайтарды. Туулган жердин ар бир карышын коргогон баатыр уулдарды жарык дүйнөгө алып келген энелерге, аларды өстүргөн аталарга башымды ийип таазим кылам. Дастан Анарбеков сыяктуу жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбайт, алардын жаркын элеси бүткүл кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат!”, - деди президент.

Ошондой эле Жапаров кыргыз эли ар дайым бардык кошуналар менен достукту жогору баалап, пайда болгон көйгөйлөрдү сүйлөшүү жолу менен гана чечкенин баса белгиледи.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында дайынсыз жоголгон аскер Дастан Анарбековго тиешелүү делген сөөктүн ДНК-анализи октябрь айынын соңунда чыккан. Анын жакындары анализ туура эмес алынганын айтып, мындай жыйынтык менен макул эместигин билдиришкен.

21 жаштагы Дастан Анарбеков “Достук” чек ара тозотунун башчысынын орун басары болуп иштеп келген. Талас облусунда туулган. 2022-жылдын 16-сентябрында Баткендин Достук айылында каза болгон. Чек арачынын сөөгү көпкө чейин белгисиз бойдон калып, бир катар экспертизалардан кийин гана аныкталган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан анда бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кырктан ашууну аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза болгонун, 200дөйү жараат алганын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, каза тапканы айтылган 84 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн боло элек. Каза болгондор арасында эки тараптан тең балдар бар.(КЕ)

XS
SM
MD
LG