Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Зордук-зомбулукту чагылдырган "Шамкыз" жомок китеби жарык көрдү


"Шамкыз" жомок китебинин плакаты.
"Шамкыз" жомок китебинин плакаты.

28-декабрда Бишкекте сүрөтчү Беназир Калиеванын Кыргызстандагы аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту чагылдырган жомок китебинин көргөзмөсү өтөт. Анын "Шамкыз" деп аталган алгачкы эмгеги "Сорос-Кыргызстан" фондунун колдоосу менен иштеп жаткан МедиЖаса долбоорунун алкагында даярдалган.

“Шамкыз” китебиндеги баш каарман кыздын ар кандай сыноолорго жана гендердик басмырлоого туш болгону баяндалат.

Китеп Беназир Калиеванын кооз иллюстрациялары менен коштолгон. Автор бул жомоктун жана андагы каармандардын максаты аялдарга жана балдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү, аялзатынын канчалык күчтүү, сулуу жана боорукер экенин сездирүү экенин билдирди.

Жомок китептин бет ачары келерки жылдын 6-январында Каракол шаарында да өтөт.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар көп катталууда. Ички иштер министрлигинин эсебинде, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миңден ашуун факт катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG