Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Атамбаев соттук отурумдарга мажбурлап алып келип жатышканын айтты


Сот залындагы Алмазбек Атамбаев, 1-декабрь.
Сот залындагы Алмазбек Атамбаев, 1-декабрь.

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотуна Кой-Таш окуясы боюнча алып келинген Алмазбек Атамбаев сот залында тартипти бузганы үчүн кайра чыгарылды. Ал өзүн сотко саламаттыгынан кыйналып жатканына карабай мажбурлап алып келип жатышканын айтты.

"Сот мени мажбурлап алып келүү тууралуу буйрук чыгарган. Мен каршылык көрсөтүүгө аракет кылдым, бирок омурткаларым жабыркагандыктан ден соолугум жол бербей жатат. Мени "Тез жардам" менен алып келип жатышат, муздак тактайдын үстүндө. Бул кыйноого барабар", - деди Атамбаев.

Расмий органдар мурдагы президенттин сотто айткандары боюнча комментарий бере элек.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрда 2010-жылдагы Июнь окуяларына байланыштуу соттук отурумдарга алып келип, андан да тартип бузганы үчүн чыгарылган.

Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбев баштаган, убагында анын аппарат жетекчиси болуп иштеген Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мээрбек Мискенбаев, Равшан Жээнбеков жана Атамбаевдин бир нече тарапташы айыпталып жатат.

Айыпталгандардын көпчүлүгү үй камагына чыгышкан, айрымдары эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде камалган эмес.

2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта күч кызматкерлеринин Атамбаевди кармоо операциясында бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) мерт болуп, жалпысынан 225 адам жабыркаган. Анын 91и ИИМдин, 40ы УКМКнын кызматкерлери, 94ү жөнөкөй жарандар болгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG