Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Бишкекте сөз эркиндигин коргоого арналган жүрүш уюштурулду (видео)


Бишкекте сөз эркиндигин коргоого арналган жүрүш башталды. Анын уюштуруучуларынын бири, блогер Атай Бейшенбек жөө жүрүштүн максаты тууралуу маалымат берип жатып ар бир адамдын конституциялык укугун чектөөгө жол берилбеши керектигин, “Азаттык”, “Клооп” жана “Кактус” басылмаларынын жабылышын талап кылган акция мыйзамсыз болгонун белгиледи:

“Акцияда бетин жаап алган, мыйзамга дал келбеген чакырыктарды таштаган учурларды көрдүк. Бирок бийлик аларга чара көрбөгөнү суроо жаратат. Биз жалпыга маалымдоо каражаттары гана эмес, ар бир жарандын эркин көз карашын билдирүү, ой жүгүртүү деген конституциялык укугун чектөөгө жол бербешибиз керек. Бүгүн ушунча тарапташ чыгып жатса, эртең бул тарапташтардын саны алда канча өсөт, анткени кооптонуу жайылууда”.

Бүгүнкү акцияга 200дөй адам катышууда. Алар Темир жол вокзалынын алдына чогулуп, Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтына чейин баранын айтышкан.

13-октябрда Бишкекте “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдында “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын талап кылгандар акцияга чыккан. Бул акция Жогорку Кеңеште депутат Надира Нарматова көз карандысыз үч медианы жабуу боюнча кол топтоп жатканы айтылган учурга туш келди. Депутат өзү мындай маалыматты четке кагууда. Парламентте жана коомчулукта сөз эркиндигине карата кысым күчөгөнү айтылып, эркин медиага чагым сынга кабылды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун журналисттерин жана кеңсесин бутага алгандардын кыймыл-аракетин иликтөөгө үндөдү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG