Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

“Медиа полиси” "Азаттыкка" каршы акцияны системалуу чабуулдун бир бөлүгү деп мүнөздөдү


Акцияга чыккандардын көпчүлүгү бетин жаап, талаптарын ачык айтуудан баш тартышкан.
Акцияга чыккандардын көпчүлүгү бетин жаап, талаптарын ачык айтуудан баш тартышкан.

“Медиа полиси институту” уюму “Азаттык” радиосунун кеңсесинин алдында өткөн акцияны өлкөдөгү көз каранды эмес маалымат каражаттарына жана журналисттерге карата жасалып жаткан системалуу чабуулдун бир бөлүгү деп атап, Ички иштер министрлигинен бул митингге юридикалык баа берүүнү, эгер кылмыш белгилери бар экени аныкталса айыптууларды жоопко тартууну талап кылды.

Уюмдун 13-октябрда жарыяланган билдирүүсүндө “Азаттык”, “Клооп” жана “Кактус” басылмаларын жабуу талабы айтылган бул акциянын алдында Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова ошондой талап менен кол топтой баштаганы тууралуу маалымат тараганын, депутаттын андай укугу жок экенин, Кыргызстанда тигил же бул мекеме-уюм негиздөөчүсүнүн же соттун чечими менен гана жабыла аларын эскертти.

“Болгон окуяны көз каранды эмес ЖМКларга эркин маалымат мейкиндигин чектөө максатында журналисттерге козголгон кылмыш иштери, сөз эркиндигин чектөөгө багытталган мыйзам долбоорлору, эркин медианы жаманатты кылуу аракеттери сыяктуу жасалып жаткан системалуу чабуулдун бир бөлүгү деп эсептейбиз” деп билдирди “Медиа полиси институту” уюму.

Уюм мамлекетти өзүнө алган милдеттерди так аткарып, көз каранды эмес ЖМКлардын коопсуз жана эркин иштөөсүнө шарт түзүүгө чакырды.

13-октябрда Бишкекте “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдында “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын талап кылгандар акцияга чыккан. Алар радионун кеңсесин өрттөп кетерин айтышкан. Бул акция Жогорку Кеңеште депутат Надира Нарматова көз карандысыз үч медианы жабуу боюнча кол топтоп жатканы айтылган учурга туш келди. Депутат өзү мындай маалыматты четке кагууда. Парламентте жана коомчулукта сөз эркиндигине карата кысым күчөгөнү айтылып, эркин медиага чагым сынга кабылды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун журналисттерин жана кеңсесин бутага алгандардын кыймыл-аракетин иликтөөгө үндөдү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG