Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:17

Эрдоган: Түркия Казакстандын суверенитетин колдоону улантат


Казакстан жана Түркия президенттери, Астана. 12-октябрь, 2022-жыл.
Казакстан жана Түркия президенттери, Астана. 12-октябрь, 2022-жыл.

Анкара Казакстандын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн колдоону уланта берет. Бул тууралуу Астанада сапарда жүргөн түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирди. Акорда 13-октябрда мааымдагандай, түрк лидери президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда Казакстанды “боордош мамлекет" деп атады жана эки өлкөнүн “түбөлүк биримдигине жана кызматташтыгына багыт алууну" белгиледи.

Эрдоган дагы 26 өлкөнүн жетекчилери менен Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине катышуу үчүн Казакстандын башкалаасына барган.

Токаев түрк президенти менен кездешүүдө тараптар Орусияны кыйгап өтүп, Кытай менен Европаны туташтырган Транскаспий маршруту менен жүк ташууну көбөйтүүгө эки тарап тең кызыкдар деп билдирди. Москва Украинага согуш ачкандан бери көптөгөн коммерциялык компаниялар санкциялардан чочулап, бул жолду көбүрөөк пайдаланып калышты.

Транспорт коридору Казакстан, Каспий деңизинин акваториясы, Азербайжан, Грузиядан Түркияга чейин барат.

Бир катар эксперттер Анкара учурдан пайдаланып Москванын салттуу таасир чөйрөсүнө кирген Борбор Азиянын түрк тилдүү мамлекеттери менен байланыштарын бекемдеп алууга умтулууда деп белгилейт.

Эрдоган Астанада орус президенти Владимир Путин менен өзүнчө жолугушат деп күтүлүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG